Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:44

Түп районуна кара аралаш мөндүр жаады


КАРАКОЛ. Түп райондук айыл чарба департаментинин башчысы Бакыт Асанбековдон 24-сентябрда алынган маалыматка караганда, райондун Ойтал, Кутургу айылынан Арал айылына чейинки тоо башына кар аралаш мөндүр жаады. Кырдаалды иликтеп чыгуу максатында комиссия түзүлдү. Кар аралаш жааган мөндүр эгин аянттарына катуу коркунуч келтирбегени менен, жергиликтүү калктын тынчын кетирүүдө. «Анткени, эгиндин жарымы гана жыйналды», - дейт Бакыт Асанбеков. Быйыл облус боюнча 96 959 гектар аянтка эгин айдалып, анын 54950 гектары гана чабылды.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Бакыт Аманбаев.

Редактор – Кубат Оторбаев

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG