Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

Бейөкмөт уюмдар Шайлоо кодексинин долбоорун талкуулашты


БИШКЕК. 24-сентябрда бейөкмөт уюмдардын «Атуулдук коом жана демократия үчүн» коалициясы Кыргызстандын Шайлоо кодексининин долбоорун талкуулоого арналган «тегерек үстөл» жыйынын өткөрдү. Саясий партия, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, депутаттар катышкан жыйында шайлоо комиссияларын түзүүнүн, аларды кайра таратуунун тартиби, комиссиялардын ачык иштөөсү, шайлоочулардын тизмесин түзүү, добуш берүүнүн тартиби жана мөөнөтүнөн мурда добуш берүү сыяктуу маселелерди камтыган тогуз берене талкууланды. Жыйындын катышуучулары кодекске мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө негиз берген, байкоочулардын укугун кеңейткен беренелердин киргизилүүсүн сунушташты. Шайлоо Кодексинин долбоорун талкуулоого арналган II илимий-практикалык конференция 26-27-сентябрда Ысыккөлдө өтмөкчү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG