Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:15

Тажикстандык качкындар мекенине кайтышты


БИШКЕК. 24-сентябрда тажикстандык 39 качкын өз мекенине жөнөп кетти. Мындай маалымат БУУнун качкындар боюнча башкы комиссарынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жооптуу кызматкери Алмаз Бүркүтовдон алынды. Анын маалыматына караганда, 90-жылдардын башында Тажикстандан Кыргызстанга келип, качкын макамын алгандардын көбү - этникалык кыргыздар. Эми алардын отуз тогузу өз каалоолору менен Тажикстанга кайтып кетишти. Алардын жол киреси менен мейманканага кетчү каражатын БУУнун качкындар боюнча башкы комиссарлыгы «Жергиликтүү интеграция жана тажик качкындарын Кыргызстандан өз мекенине репартациялоо» деген долбоордун алкагында төлөп берди. Кыргызстанда азыр качкын макамын алган тажикстандык 5 миң атуул бар. Буга чейин 3 миң качкынга Кыргызстандын атуулдугу берилди. Кыргызстанда алардан тышкары, качкын макамын алган 749 ооган жана «башпаанек издеген адам» деген макамы бар 500дөн ашуун чечен бар.

XS
SM
MD
LG