Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Адам укуктары боюнча кыргыз комитети Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине киргизилди


БИШКЕК. Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине төрагасы Болот Тыналиев, комитеттин башкармалыгынын жаңы мүчөлөрү катары Мамасалы Жакишев, Рыскелди Момбеков, Ашыркул уулу Токторбек, Качкын Булатов жана башка он атуул кирген Адам укуктары боюнча кыргыз комитети киргизилди. «Бул тууралуу министрдин орун басары Н.Алымбеков кол койгон кат биздин колго тийди» деп маалымдады Рыскелди Момбеков «Азаттыкка».
Белгилүү болгондой, өздөрүн «Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин мүчөлөрү» деп атаган атуулдар үстүбүздөгү жылдын 25-августунда жыйын өткөрүп, комитеттин жетекчиси Рамазан Дырылдаевдин ордуна Болот Тыналиевди шайлаганын билдиришкен. Ал эми учурда Венада жүргөн укук коргоочу Рамазан Дырылдаевдин айтымында, Болот Тыналиев баштаган ал адамдар мындан бир нече жыл мурда эле комитеттин мүчөлүгүнөн чыгарылган жана алардын иш-аракеттери мыйзамсыз.

XS
SM
MD
LG