Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

ОПЕК уюму мунай экспортун кыскартуу тууралуу чечим кабыл алды


Мунай экспорттоочу уюмдардын ОПЕК аттуу уюму кечээ күнү Вена шаарында атайын жыйын өткөрүп, мунай өндүрүшүн кыскартууну чечти. 1-ноябрдан тартып уюмга кирген өлкөлөр баары биригип күнүнө 24 жарым миллион баррел өндүрмөкчү, бул азыркыга салыштырганда 900 миң баррелге аз. Уюмдун айтымында, мындай чара менен мунайдын эл аралык базардагы баасы азыркы деңгээлде калат. Уюмга Ирак дагы кирет, бирок анын мунай министри Ибрагим Баар Улумдун айтымында, өлкөнүн мунай өндүрүшү кыскарбастан, тескерисинче, көбөйөт: "Азыр биз күнүнө 900 миң баррел экспорттоп жатабыз жана бул көрсөткүч жылдын аягына чейин бир жарым миллионго жетет, март айында болсо биз күнүнө бир миллион 800 миң баррел экспорттоого жетишебиз".

XS
SM
MD
LG