Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Ирак боюнча АКШ даярдаган резолюцияны Франция оң кабыл алууда


Франциянын президенти Жак Ширак кечээ күнү Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттардын сессиясында чыгып сүйлөп, АКШ сунуштаган Ирак боюнча жаңы резолюцияга Алмания, Орусия жана Франция оң карайт деп билдирди. Ширактын алдында сессияда Орусия президенти Владимир Путин жана Алманиянын канцлери Герхард Шрөдер сүйлөп, экөө тең Ирактагы абалды калыбына келтирүү иштерине Бириккен Улуттар Уюму кеңирирээк катышууга тийиш деп билдирген. Путин менен Шрөдер сессиядан тышкары дагы өз алдынча жолугуп, Ирак маселесин талкуулады. АКШ даярдаган резолюция боюнча, Иракка эл аралык аскерлер киргизилүүгө тийиш, бирок аларды америкалык генералдар башкарат.

XS
SM
MD
LG