Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:13

ПАРЛАМЕНТ «МУНАПЫС ЖӨНҮНДӨ» МЫЙЗАМ КАБЫЛ АЛДЫ. ФЕЛИКС КУЛОВДУН ЖАЗА ӨТӨӨ МӨӨНӨТҮ КЫСКАРАБЫ?


25-сентябрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10 жылдыгына жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү» жөнүндө мыйзамды кабыл алышты. Эгер президент мыйзамга кол койсо, учурда түрмөлөрдө жатышкан 500дөн ашуун атуулдар эркиндикке чыгышат жана 4500дөй абактагылардын жаза өтөө мөөнөтү кыскарат. «Арнамыс» партиясынын азыр камакта отурган лидери Феликс Кулов дароо боштондукка чыга турган адамдардын катарына кирген жок.

Парламент мыйзамды Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына жана Конституциянын 10 жылдыгына карата апрель айында эле кабыл алган. Бирок, президент Аскар Акаев мыйзамга кол койбой, каршы пикирлери менен аны депутаттарга кайра жөнөткөн болчу. «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрү «мамлекет башчысы мунапыс жарыялангандан кийин Феликс Кулов да боштондукка чыгаарын билип, мыйзамга вето койду» деген пикирин айтышууда. Президент Аскар Акаев мыйзамдын эки беренесине – өз күйөөлөрүн өлтүрүп койгон 58 жаштан ашкан тогуз аялдын бошошуна жана экономикалык кылмыш жасагандардын жаза мөөнөттөрүнүн кыскарышына каршы пикирин билдирген. Мыйзамдын автору депутат Азимбек Бекназаров президенттин жүйөөсү тууралуу мындай дейт:

- Президенттин каршы пикири мындай: эмне үчүн карылар, жашы жетелектер, багар-көрөрү жоктор, аялдар жана экономикалык кылмыш жасагандардын бардыгы келтирген зыянды кайтарганда мунапыска кабылышат дагы, эмне себептен жаза өтөө мөөнөтү кыскарып жаткандар чыгымды кайтарбай туруп, мунапыска илиниши керек деген ветосун жөнөттү, - дейт депутат Азимбек Бекназаров.

Эгерде президент ветосун койбогондо жана мыйзам күчүнө кирген учурда 2002-жылдын 8-майында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылган Феликс Куловдун жаза өтөө мөөнөтү дароо үчтөн бирге кыскармак.

2001-жылдын 22-январында камакка алынган Феликс Кулов Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу абагында 946 күн отурганын эсепке алып, ал күндөрү мыйзамга ылайык эки күнгө тете деп эсептелерин көңүлгө алганда, «Арнамыстын» лидеринин 10 жылынын 5 жыл 80дей күнү кемийт дешет айрым талдоочулар. Ага №19 колонияда отурган 168 күнүн кошкондо, 5 жыл 251 күндөй убакыты өткөн болот.
Мунапыс мыйзамына президент вето койбой, кол койгон учурда бул мөөнөткө 10 жылдын үчтөн бири, демек дагы 3 жыл 120дай күн кошулмак. Башкача айтканда, Феликс Кулов боштондукка чыкмак. «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев мамлекет башчысынын каршы пикири тууралуу мындай оюн ортого салды:

- «Мунапыс жөнүндө» бул мыйзам Феликс Куловду чыгарбоо максатында атайын оңдолду. Ак үй атайын жасады аны. Президенттин ветосу ошон үчүн болду. Же болбосо буга окшогон мунапыстар мурда көп эле берилчү. Бул жолкусу – биринчи жолу болуп жатат.

Бийлик өкүлдөрү мындай пикирлерге макул эмес. Президенттин мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Чолпонкул Арабаев «мыйзамга мамлекет башчысынын каршы пикир билдиришинде эч кандай саясий жүйөө жок» деген пикирде.

25-сентябрда кабыл алынган мыйзамга ылайык Феликс Кулов 2002-жылдын 8-майындагы соттун чечими менен мамлекетке кайтарсын деген 20 млн. сомдун үчтөн бирин казынага төлөгөн учурда гана жаза өтөө мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат. Башкача айтканда, дароо абактан чыгат. Феликс Кулов болсо ага каршы козголгон кылмыш ишин «саясий мүнөздө» деп, кечирим сурабай турганын, эртеби-кечпи абактан чыгаарын «Азаттык» радиосуна мурда берген маегинде айткан эле:

- Биринчиден,мен эч убакта кечирим сурабай турганымды айтып коюшум керек. Атып салышса дагы… Жаңы шайлоо болсо жаңы адамдар келет да, мен акталып чыгам. Анткени, эртеби-кечпи бийликке түз адамдар келишет.

Мунапыска ылайык түрмөдө жаткан 19 миң адамдын 500дөн ашууну эркиндикке чыгышат жана 4500дөй абактагылардын жаза мөөнөтү кыскарат. Дароо боштондукка чыга турган адамдардын катарына: согушка жана Чернобыль атом станциясындагы жарылуунун кесепеттерин жоюуга катышкандар, 58 жаштан ашкан аялдар, 65 жаштан өткөн эркектер, үй-бүлөсүндө жашы жетпеген экиден кем эмес баласы же багуусунда I топтогу майып ата-энеси бар жападан жалгыз багуучу болгон адамдар, I жана II топтогу майыптар, 7 жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгон жашы жетпегендер, жаза мөөнөтү бир жылга жетпегендер, биринчи жолу оор эмес жана анча оор эмес кылмыш жасагандар жана экономикалык кылмыш жасап, келтирген зыяндын өлчөмүн толук кайтаргандар камактан дароо бошотулушат.

Феликс Куловдун иши да экономикалык кылмышка байланыштуу болгону менен, сот Куловду «кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деген негизде кескен, ошондуктан, «Арнамыстын» лидери мунапыска илинген жок.

Кыргызстандын түрмөлөрү адамга толуп, камактагылар жатаарга жери, ичээрге тамагы жок кыйналышууда. 19 миң соттолгондордон тышкары да, убактылуу абактарда 17 миң адам сот жараянын күтүп, кармалышууда. Ошондон улам, бул мыйзамга ылайык 500дөй гана адамдын бошогону түрмөлөрдүн оор абалын жеңилдетип жибербейт.
XS
SM
MD
LG