Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40

ТИБЕТ: ДАЛАЙ ЛАМА ЖАНА ТИБЕТТЕГИ РЕАЛДУУЛУК


Байян Жумакадыр кызы, Прага 1951-жылы Тибетти күч менен өзүнө каратып алган Кытай Тибеттин диний лидери Далай Ламаны саясий сепаратизмде күнөөлөп, аны акыры чет өлкөгө качууга мажбур кылган. Жарым кылымдан бери сүргүндө жашап келаткан Далай Лама жана Тибеттин сүргүндөгү өкмөтүнө эл аралык коомчулук жана миллиондогон буддисттер колдоо көрсөтүп келатышат. Бирок дүйнө элдеринин тибеттиктердин тагдыры менен чын жүрөктөн ортоктош болгону, Тибетте жашап жаткан калктын күнүмдүк турмушу менен тагдырын өзгөртө алган жок. Кытай өкмөтү Тибетти кытайлаштыруу саясатын улантууда.

Кытайдын баскынчылыгында калган тибеттиктердин дин менен терең жуурулушкан кайталангыс улуттук асыл- нарктарын сактап калуу үчүн дүйнө өлкөлөрүндө сандаган корлор, тилектеш жаматтар, уюмдар түзүлгөн. Тибет буддизмин иликтеген сандаган илимий эмгектер жазылып, тибет эли жөнүндө документалдуу жана көркөм тасмалар тартылды. Бирок тибет таануучулар андай тилектештиктен Кытайдын оторчулугу астында жашаганга аргасыз тибет эли пайда көрбөгөнүн айтышат. Лондондо жайгашкан "Эркин Тибет Өнөктүгү" деген жамааттын мурдагы директору Патрик Френч алгач Тибеттин тагдырына студент кезинде Далай Лама менен жолугушкандан кийин кызыга баштаганын, 80-жылдарда Кытайга барып келген соң, “Эркин Тибет Өнөктүгү” деген жамаатты түзгөнүн баяндайт. Тибеттин маданияты менен тибет буддизмин жылдардан бери изилдеп келген Патрик Френч мындан 4 жыл илгери Тибетке кайрадан барып, изилдөө иштерин жүргүзгөн. Региондо болгон үч айдын ичинде ал Кытайдын оторчулугу астында күн кечиргенге аргасыз элдин турмушуна, анын укуктары тебеленип жатканына жана карапайым тибеттиктердин жан сактоонун айынан одоно басмырлоого моюн сунуп жатканына күбө болгон. Патрик Френч өзү жетектеген “Эркин Тибет Өнөктүгү” сыяктуу корлор менен жамааттардан карапайым тибеттиктерге кымындай да пайда жок экенин көргөн. Ошондо эл аралык коомчулуктун Тибет менен тилектештигинен майнап чыкпаганын түшүнгөн тибет таануучу өзү негиздеген уюмдун башчылыгынан кетүүнү туура көргөн.

Тибеттин сүргүндөгү өкмөтү менен Кытай бийликтеринин мамилеси бир аз оңолгону менен, Тибеттин көз караандысыздык алуусуна байланышкан негизги проблема чечилген жок. Дхарамсала (Тибеттин сүргүндөгү өкмөтү менен 14-Далай Лама отурукташкан шаар) мурдагыдай эле Тибеттин демократташтырылуусун, демилитаризациялануусун, тибет элине таандык жерлердин кайра кайтарылып берилүүсүн жана Тибеттин көз карандысыздыгын талап кылат. Кытай тарабы Тибетке Далай Ламанын кайтып келүүсүнө каршы эмес, бирок оболу анын алдыда айтылган максаттардан баш тартуусун талап кылат.

Чынына келгенде, Далай Ламанын эли-жерине кайтуусу Тибеттин жана тибет элинин Кытай эл республикасында улут катары ордун бекемдемек. Бирок мындан Тибеттин өзүнө караганда Кытайдагы режим көбүрөөк пайда көрмөк. Далай Лама кайтып келсе, расмий Бээжин Тибет проблемасын саясий дискуссиялардын күн тартибинен дароо алып салып, укук коргоочулар менен саясий оппоненттердин демин басат.

Тибет таануучу Патрик Френчтин көз карашында, Тибетке колдоо көрсөтүү өнөктүгү, Далай Ламанын керт башын ашкере көтөрмөлөө, бул инсандын ысмы менен байланыштуу баардык рухий жана диний асыл-нарктардын маанисин көөнөртүп, кунарын кетирип, аны жөнөкөй саясатчыга айлантат. Далай Лама менен Сүргүндөгү Тибет өкмөтү жайгашкан Дхарамсалада мындан жарым кылым илгери Тибеттин интеллектуалдык жана руханий каймагы чогулган болсо, азыр чыгаан тибет инсандары, таланттуу адамдардын кыйласы чет элдик спонсорлуктун арты менен Европага жана Америкага жер которуп, чачкын болгон.

Тибеттин көз карандысыздыгы Бээжиндеги режим куламайын, калыбына келтирилбей турганы айкын. Бирок дүйнөнүн улуу дөөлөттөрүнүн бири Кытай менен бир да өлкө мамилесин бузгусу келбейт. Ошон үчүн өлкөлөр Тибет маселесин өзүлөрүнүн Кытай менен куруп жаткан саясий алакаларынын деңгээлине көтөрбөйт. Буга бир эле мисал келтирели: жакында Орусиянын өкмөтү Калмыкиянын президенти Кирсан Илюмжиновдун чакыруусу менен Калмыкияга келүүгө ниеттенген Далай Ламага кирүү визасын бербей койду. Калмак жетекчилигинин "Далай Лама Калмыкияга буддистердин диний лидери катары гана келет"- деген аргументтери Москваны жубата алган жок.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги Далай Ламанын өлкөгө келиши Орусия менен Кытайдын ортосунда кол коюлган достук келишимин бузат деп билдирди. Келишим боюнча, эки тарап тең бири- биринин ички иштерине кийлигишпөөгө милдеттенишкен. 2001-жылы Орусия Монголияга барууга ниеттенген Далай Ламага транзит визасын бербей койгон. Кытай Орусиянын козголоңчул Чеченстандагы согушуна колдоо билдирген аз өлкөлөрдүн бири экенин кошумчалай кетели.

Буга окшогон мисалдар Далай Лама, Тибеттин сүргүндөгү өкмөтү жана тибет эли дагы белгисиз убакытка чейин көздөгөн мүдөөсүнө жетпей турганын тастыктайт.
XS
SM
MD
LG