Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

Израил аскерлери куралданган төрт исламчыны атып өлтүрүштү


Израилдин армиясы билдиргендей, анын аскерлери бүгүн эртең менен Батыш Жээктеги Хеброн шаарында жана Газа тилкесинде танк, чопкуттуу техника менен рейд жүргүзүштү. Рейддин мезгилинде багынып берүүдөн баш тартып, ок ачкан эки куралчан атып өлтүрүлдү. Аскерлер ошондой эле Газадагы качкындар лагеринин кире беришинде Хамас уюмунун мүчөсү деп шектелген кишини, ал эми лагердин сыртындагы атышууда Исламдык Жихад тобунун мүчөсүн атып салышты.
Израилдин армиясы өз кезегинде бир аскеринен ажырады.

XS
SM
MD
LG