Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 58-сессиясында Ирак согушунун башкы оппоненттери АКШнын кайра куруу аракеттерине конструктивдүү мамиле жасоого сөз беришти. Бирок Иракты стабилдештирүү үчүн зарыл болгон ири көлөмдө жардам убада кылышкан жок. Германиянын канцлери Герхард Шрёдер кайрадан Бириккен Улуттарга кеңири мандат берүүгө чакырды:
- Бир гана Бириккен Улуттар уюму зарыл болгон мыйзамдуулукту кепилдей алат. Мындай кепилдик Ирактын элине көз карандысыз, өкүлчүлүктүү өкмөттүн жетекчилиги астында өлкөсүн тез арада калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет. Менин өлкөм Германия ушундай процессти колдойт.