Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

Багдадда америкалык сыналгы жайгашкан мейманкананын жанында бомба жарылды


Жардыруудан сомалилик кароол ажал тапты. Эн-Би-Си сыналгысынын үн оператору Давид Муди Ройтерс агенттигине буларды билдирди:

– Мен баарынан катуу жараат алдым. Тилекке каршы, мейманкананын кызматкери сомалилик жигит жарылуу болгон жерден эки-үч метр жерде уктап жаткан экен. Байкуш абдан илбериңки бала болчу.

Бүгүн ошондой эле Саддам Хусейндин туулган шаары Тикритте америкалык аскерлер каршылык көрсөтүү кыймылынын жетекчилери деп шектелген эки кишини камакка алышты. АКШ армиясынын майору Майк Раухут буларды билдирди:

– Булар ортомчулар өңдөнөт. Уюштуруу иштерин жүргүзүп, ок-дары, курал алганга акча таап, адамдарды куралдандырышат. Алар чабуул жасагандан кийин, акысын төлөп беришет.

Мындан алдыңкы күнү Тикриттин айланасындагы бир катар кагылышууларда куралчан тогуз ирак атуулу набыт болгон. Соңку күндөрү Багдадда жана түндүктөгү Мосул шаарында да бир катар жардыруулар болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG