Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:07

Жаш балдардын өз өмүрүн өзү кыюу маселесина арналган жыйын өттү


БИШКЕК. 25-сентябрда Ички иштер министрлигинде балдардын жана өспүрүмдөрдүн өз жанын өзү кыйуу маселесине арналган илимий-практикалык конференция өттү. Ага Саламаттыктык сактоо, тартип коргоо органдарынын жана республикадагы жаш балдар менен иштөөчү борборлордун өкүлдөрү катышты. Мындай иш-чаранын башкы максаты - коомчулуктун көңүлүн жаш балдар менен байланыштуу кайгылуу окуяларга буруу жана өз жанын кыйгандардын санын азайтуу. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 401 адам өз жанын өзү кыйган, алардын он төртү балдар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG