БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин Орусияга жасаган ырасмий иш сапары 25-сентябрда соңуна чыкты. Ушул эле күнү кыргызстандык делегация Бишкекке кайтып келди. Буга чейин маалымдалгандай, кыргызстандык делегация Москвада болгон учурунда «Кант» аба майданына Орусиянын аскер-аба күчтөрүн жайгаштыруу тууралуу макулдашууга кол коюлду жана Кыргызстандын Орусиядагы маданий күндөрү өттү. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Аскар Акаев 23-сентябрда Орусия Федерациясынын тышкы жана коргонуу саясаты боюнча кеңешинде сөз сүйлөдү. Анда Борбор Азиядагы абал тууралуу сөз болду. Президенттин айтымында, Борбор Азия дүйнөнүн бардык контитенттерине кошуна болуп калды, анткени, аймак мурда Кытай жана Орусия менен гана кызматташып келсе, эми ага АКШ да кошулду.