Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:23

ШКУнун аймактык антитеррордук борборунда 30 адам иштейт


БИШКЕК. Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын 22-23-сентябрда Пекинде өткөн жыйынында уюмдун жылдык бюджети бекитилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюму боюнча улуттук координатору, Тышкы иштер министринин орун басары Асанбек Осмоналиев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, уюмдун жылдык бюджетинин көлөмү 3 млн. 796 миң долларды түзөт. Анын ичинде, кызматташтыктын аткаруу комитетине 2 млн. 165 миң, ал эми аймактык антитеррордук борбордун ишмердүүлүгүнө 1 млн. 338 миң доллар бөлүндү. Мындан тышкары, Пекин жыйынында аймактык антеррордук борбордун структурасы жана иш планы бекитилди. Ага ылайык аталган борбордун бир жетекчиси жана анын үч орун басары болот. Борбордо 30 адам иштейт. Азырынча борборго кайсы өлкөдөн канча өкүл иштээри аныктала элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG