Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:52

УКУК КОРГООЧУ МЕНЕН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ГЕЗИТТИ КОЛДООЧУЛАР


Бүгүн Кыргызстандагы бир катар укук коргоочулар Мелис Эшимканов менен Турсунбек Акундун соттошуусуна байланыштуу «Агым» гезитинин редакциясы жайгашкан имараттын алдына пикетке чыгышты.

Нааразылык билдирген укук коргоочулардын саны он чакты болду. Алар колдоруна ««Аалам» элдик гезит, анын ар бир саны биз үчүн кымбат!», «Демократия соттордун колу менен муунтулуп жатат», «Мелис! «Асабанын» кантип муунтулганы унутулдубу?», «Турсунбек Акунду куугунтуктоо токтотулсун!» деген плакаттарды көтөрүп турушту. Пикеттин акырында адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык уюмдарга, массалык маалымат каражаттарына жана Кыргызстандын жалпы элине кайрылуу таратышты. Анда Мелис Эшимкановдун доо арызын жоопкер тараптардын катышуусуз эле канааттандырган Бишкектин Свердлов райондук сотунун өкүмүн акциянын катышуучулары мыйзамсыз деп эсептешээрин жана бул укук коргоочу Турсунбек Акунду сот аркылуу куугунтуктоо экендиги айтылган.

- Биз «Агымдын» редакциясынын жамаатына эмес, Мелис Эшимкановго карата өзүбүздүн пикирибизди билдирип коелу деп чечтик, - дейт пикеттин катышуучусу - «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова.
-Себеби, «Аалам» гезитине Турсунбек Акундун бир катар макалалары чыккан. Анда Өмүрбек Текебаев, Топчубек Тургуналиев, Мелис Эшимканов жөнүндө жазылган болчу. Көпчүлүк, анын ичинде биз деле, Турсунбек Акун өз көз карашын, сын-пикирин туура билдирген деген ойдо калганбыз. Макаладан кийин эч кимиси капа болгон эмес. Бир гана Мелис Эшимканов сотко доо арыз жазды. Анын журналист катары буга моралдык укугу жок болчу. Анткени, ал гезит аркылуу бир катар жылдар бою канча адамдарды сындап жүрөт. Бул бир жагы. Экинчиден, Свердлов райондук сотунун «Аалам» гезитинин өкүлдөрү же Турсунбек Акундун өзү катышпаса деле ушундай чечим чыгарып койгону да туура эмес.

Азиза Абдрасулованын айтымында, соттун чечимин саясий негизде кабыл алынган болуу керек:

-Турсунбек Акун жакында Ирландиянын Дублин шаарында болуп өткөн эл аралык конференцияга катышып, ал жерде Аксы алааматы, Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, укук бузуулар жана куугунтуктоолор боюнча маалымат берген. Келгенден кийин ал тууралуу пресс-конференция өткөргөн эле. Ошонун эртеси эле ушундай шашылыш чечим чыгып отургандыктан биз муну саясий көрсөтмө катары кабыл алып жатабыз.

Ал эми «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун пикетке катышкан жетекчиси Төлөкан Исмаилова бийлик укук коргоочуларды, эркин гезиттерди соттоо жана медиакеңеш, акыйкат башкаруу сыяктуу коомдук бирикмелерди түзүү менен эл аралык коомчулуктун көзүн будамайлап, келерки президенттик шайлоого эмитен эле кам көрүп жатат деген оюн билдирди:

- Бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк жана туугандык клан күчөнүп, Юстиция министрлиги менен сотторду пайдалануу аркылуу «Аалам» гезити менен Турсунбек Акундун ишине тоскоолдук кылып, моралык жана материалдык жактан саясий куугунтукка алып жатканы кѳрүнүп турат. Медиакеңеш дагы саясий куугунтукка жол берет. Анткени, жетинчи кабаттагы адамдар журналисттердин тагдырын чечет. Ал эми Акыйкат башкаруу деген бул - мамлекеттик кызматкерлердин бири-бирине жардам берип, көз карандысыз адамдарды түрмөгө терип салууга шарт түзөт. Бул бийликтин «коррупцияга каршы күрөшүп жатабыз» деп, эл аралык коомчулуктун алдында гана айтып койгон куралы. Бул үй-бүлөлүк жана президенттик системаны күчөтүүнүн жолу. Мунун баары тең шайлоонун алдында президенттик үй-бүлөнүн саясий күчүн жогорулатууга жана эл аралык коомчулукка аларды демократия деп көрсөтүүгө багытталган. Үчүнчү максат - инвестиция алыш, төртүнчүдөн «Жаңы заман» саясий партиясын күчөтүп парламенттик жана президенттик бийликти колдон чыгарбоо аракетин көрүп жатышат

Мелис Эшимканов нааразылык пикетин уюштуруу демократиялуу мамлекетте
жашаган ар бир адамдын жеке укугу экендигин айтты:

- Алар сот процессине катышуудан туура эмес себептер менен качып туруп алышты. Себеби, Турсунбек Акун Свердлов районунун аймагында жашагандан кийин ошол сотко кайрылууга менин толук укугум бар. Ошол эле мыйзам боюнча мен сотко өзүмдүн ишенимдүү өкүлүмдү жибергенден кийин сотко катышпай коюуга менин толук укуктуумун. Бул процесстен, бул мектептен биз эбак өткөнбүз. Абсолюттуу чындыкты менчиктеп алган эч ким жок. Ушинтип олтуруп Акунов да, Абыкеев да, Эшимканов да демократия деген эмне, адам укугу деген эмне экендигин үйрөнөбүз. Мен мындан эч кандай трагедия көргөн жокмун. Мага бул жигиттердин акчасынын деле кереги жок. Мен бул жигиттер укуктук жактан сабак алышса, өздөрүнүн кемчиликтерин түшүнүшсө деген гана аракетте болдум. Анан «Ак үй», «көк үй» менен сүйлөшүп алып, соттордун баарын сатып алды» деген Турсунбектин дооматтары бир чети ачуумду, бир чети күлкүмдү келтирет.

Пикетке чыккандар акциясын бир саатка жетпей токтотушуп, «Аалам» гезити менен Турсунбек Акунга колдоо көрсөткөн 60ка жакын адамдын колун топтошту.
XS
SM
MD
LG