Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУК ООГАН МАСЕЛЕСИНДЕ ЫНТЫМАККА КЕЛҮҮДӨ


Бириккен Улуттардын Башкы жыйынында Ирак боюнча ар кыл талаш-тартыштар, пикир келишпестиктер орун алган менен, эл аралык коомчулук Ооганстан жаатында бир колдон жең, бир жакадан баш чыгарып, анын азыркы кайра куруу жараянына жардамды ыкчамдатууну ырас көрүүдө.

Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөрдүн жана Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери шаршемби күнү атайын коммюнике жарыялап, Ооганстандын азыркы мамлекет башчысы Хамид Карзай жүргүзүп жаткан реформаларга өз колдоосун билдиришти. Алар Кабулдан тышкаркы аймактарда коопсуздук жааты дагы эле тынчсызданууну туудуруп жатканын, бул кырдаал жалпы реформалоо аракеттерин үзгүлтүккө учураткан жагдай экенин баса белгилешти. НАТО Бириккен Улуттар берген ыйгарым укуктарга ылайык Кабулда жайгашкан бейпилдик күчтөрүн ордо шаардан башка аймактарга да пайдалануу маселесин талкуулай баштаганы маалым. Бул кадамды коммюникеге кол койгон өлкөлөр кызуу колдоп чыгышты.

20дай өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышкан бул эки сааттык жыйындын сунушун башка мамлекеттер да колдошууда. Айтмакчы, шейшембидеги БУУнун Башкы жыйынындагы чыгып сүйлөөсүндө АКШ президенти Жорж Уокер Буш Конгресстен Ооганстанга жардам көрсөтүү үчүн 1 миллиард 200 миллион доллар кошумча каражат сураганын жарыялаган.

Герман канцлери Герхард Шрөдер да Ооганстанга көрсөтүлчү эл аралык жардам ырааттуу болушу керектигин эскертти:

- Биздин артыкчылык берген саясатыбыз – бул Ооганстандагы тынчтык жараянына берилгендик. Германия бул өлкө үчүн алган узак мөөнөттүк милдеттенмелеринен тайбайт жана ага көмөгүн мындан ары да күчөтмөкчү.

Германия даярдаган резолюция долбоору Ооганстандагы бейпилдик күчтөрүнүн мандатын Кабулдан сырткаркы аймактарга да кеңейтүү сунушун камтууда.

Мындай маанайдагы талкууларга Ооганстандын азыркы мамлекет башчысы Хамид Карзайдын чечекейи чеч болгонун түшүнүү кыйын эмес:

- Эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн кеңири аймакта аракет кылышына колдоо жаатында айтканда, ар кыл өлкөлөрдүн колдоого ниети бардыгын билдириши жаатын жана кечээ президент Буштун бизди колдой турганын жарыя кылышы жагын алганда, башка өлкөлөрдүн да Ооганстанга мындан ары да көп жардам көрсөтүүгө убада кылышын эске алганда, албетте, бул – дурус көрүнүш.

Албетте, ооган маселесин талкуу кылуу сыдыргыга салгандай бир кылка өткөн жок. Хамид Карзай Ооганстандын чек арасынын аркы жагынан пайда болгон коопсуздук коркунучу тууралуу эскертип өттү. Бирок Пакистандын тоолуу чек ара аймагында топтолуп, быгып жаткан талиптер эми чоң чабуул башташы ыктымал деген басма сөздөгү жоромолдорду Пакистандын президенти Первез Мушарраф четке какты:

- Бул тоолуу чек ара аймагында аскердик өнөктүк жүргөн жок. Мында жүргүзүлүп жаткан жана жүргүзүлүүгө тийиш болгон чара – бул чалгындык иш-аракет гана.

Адистердин белгилешинче, Пакистандын ооган-пакистан чек арасына жакын алыскы тоолуу аймагында расмий Исламабаддын АКШны колдогон жана талиптерге каршы туткан саясатына муюбаган уруу башчылары бар. Алар талиптер менен “ал-кайидачылардын” калган-каткан бөлүгүнө тымызын жардам көрсөтүүдө.

Айтмакчы, жогоруда эскерилген коммюникеде келээрки жылдын башында атайын эл аралык жыйын чакырып, анда Ооганстандагы кайра куруу жараянын дагы бир ирет таразалоо жана өлкөгө андан аркы көрсөтүлчү каржылык жардамды талкуулоо сунушу да камтылды.
XS
SM
MD
LG