Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:42

ИРАКТЫКТАР ЭМДӨӨ ЧАРАЛАРЫНА ДИЛГИРЛИК МЕНЕН КАТЫШУУДА


Иракта балдарды эмдөө же вакцинация өнөктүгү жүрүүдө. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги, БУУнун балдар кору - ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму биргелешип уюштурган иш чара бир нече айлампа менен жүргүзүлүүдө. Ушул аптада 3 жарым миллиондой бала эмделди. Жыл аягына чейин дагы үч ирет ушундай эле иммунизация өткөрүлмөкчү.

Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө балдар полимиелит, сенек (столбняк), ич өткөк, көк жөтөл, кызамык жана кургак учуктан чарчап калган учурлар көп кездешет. Ушул илдеттерге каршы Ирак балдарын эмдөө үчүн ЮНИСЕФ 25 миллион доза вакцина бөлүп берди. Ушундай эле өнөктүк буга чейин 3 жолу өткөрүлгөн. Анткени өлкөдө беш жашка чейинки 4 миллион 200 миңдей бала бар. Алардын баарын бир эле мезгилде эмдөө кыйын, ошондуктан вакцинация бир нече айлампа менен уюштурулууда. Бул жолку иш чарага тартылбай калган балдар, эмкисинде эмделет. Анын үстүнө, ЮНИСЕФтин басма сөз өкүлү Гордон Вайстын айтымында, кээ бир вакциналар бир нече ирет жасалат:

- Согуштан кийинки доорду башынан кечирип жаткан Иракта саламаттыкты сактоо сектору дээрлик кыйрап калган. Аны менен бирге суу түтүктөр системасы бузулгандыктан, балдар суу аркылуу да жугуштуу ооруларга кабылышы мүмкүн. Адатта эмдөө натыйжалуу болушу үчүн, ал бир нече жолу жасалууга тийиш.

Ирактын медицина тармагы Саддамдын учурунда эле БУУнун санкцияларынан жапа чегип келген. Жыл башындагы согуш, андан кийинки баш аламандык менен талап-тоноолор саламаттыкты сактоо инфраструктурасын олуттуу зыянга учуратты. Эл аралык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Ирактын саламаттыкты сактоо министрлиги бир нече ай бою иштебей турду. Борбор менен вилайеттер ортосундагы байланыш кыйындап, вакциналар түгөнүп, эмдөө чаралары өткөрүлбөй калган.

Кыйынчылыктарга карабай, эл аралык гуманитардык уюмдар эмдөө программасын улантып жатат, - дейт Гордон Вайс:

- ЮНИСЕФ Иракта 1983-жылдан бери иш алып барат. Вакцинация ар дайым биздин негизги долбоорлорубуздан болуп саналчу. Эмдөө эң татаал шарттарда өтүп жатат. 19-августта БУУнун бир нече кызматкери набыт болгон бомбалоодон кийин биздин иш андан да кыйындады. Ирактагы кырдаал өтө кооптуу.

Ал ошондой эле кесиптештеринин берилип иштегенин айтып, иммунизация ийгиликтүү болот деген ишеничин билдирди.

ЮНИСЕФтин кызматкерлери эмдөөдөн тышкары жергиликтүү медициналык персоналды, саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенген расмий адамдарды окутушат.

Электр кубаты улам үзгүлтүккө учурап тургандыктан, вакциналарды сактоо, аларды Багдаддан алыскы аймактарга жеткирүү маселеси да келип чыгууда. Бул үчүн атайын “муздаткыч кутулар” даярдалган.

- Электр кубаты жок болсо да ошол муздаткычтар иштей бериши керек. Ошондуктан биз генератор жана вакциналардын белгилүү шартта сакталышы үчүн керектүү башка жабдыктар менен да камсыздап турабыз, - дейт балдар корунун өкүлү.

Ал эми эл аралык гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү жергиликтүү калк бул өнөктүккө жигердүү катышып жатканын белгилешет. Эмдөө кампаниясы жөнүндө маалымат жергиликтүү басма сөз, мектептер, медициналык мекемелер, жадагалса диний лидерлер да аркылуу таратылып жатат. ЮНИСЕФтин басма сөз өкүлү Гордон Вайстын баамында, ирактыктар билимдүү эл, вакцинациянын пайдасы жөнүндө жакшы билишет, ошондуктан алар балдарын эмдөөгө каршылык көрсөтпөй эле алып келишет.

Расмий өкүлдөрдүн маалыматына караганда, Ирактагы иммунизациянын ар бир айлампасына 3 жарым миллиондой доллар жумшалат.

XS
SM
MD
LG