Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Иракта гуманитардык миссиялардын кызматкерлери кескин кыскартылат


БУУнун баш катчысы Кофи Аннан кечээ алардын көпчүлүк бөлүгүн Ирактан чыгарууга көрсөтмө берди. Иракка алар качан гана коопсуздук шарттары бекем кепилденгенде кайтып барат, деп айтты Аннан. Бүткүлдүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү Антония Парадела азыр Ирактагы коопсуздук кырдаалы талдоого алынып жаткандыгын, мунун өзү азык-түлүк чөйрөсүндөгү гуманитардык иштер токтотулат дегенди билдирбей турганын ырастады. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл “Нью-Йорк таймста” жарыяланган интервьюсунда Ирактын башкаруучу кеңеши алты айдан кечиктирбей жаңы конституциянын долбоорун иштеп чыгууга тийиш деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG