Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Өткөн түнү Иракта америкалык дагы бир жоокер окко учту


Түндүктөгү Киркук шаарына жакын райондо аскерий кербен ракеталык жапырыкка туш болгон. Эки солдат жарадар болду. Ошол эле түнү Баакуба шаарындагы канбазар минометтон аткыланып, сегиз киши набыт кетти, он сегиздей адам жарадар болду. Базарга кимдер ок жабылтканы белгисиз. Бүгүн Иракта утурумдук башкаруу кеңешинин мүчөсү Акыла ал-Хашеминин таажиясы болуп өттү. Ал мындан эки апта мурда белгисиз бирөөлөрдүн колунан ок жеп, оор жаратынан айыга албай кечээ көз жумган эле. Акыла ал-Хашеми Ирактагы белгилүү саясатчы аялдардын биринен болгон.

XS
SM
MD
LG