Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Айрым бейөкмөт уюмдар «Аалам» гезити менен Т.Акунду колдоп жатышат


БИШКЕК. «Асаба» партиясынын Аксы районундагы бөлүмү, «Аксы окуясында жабыр тарткандарды коргоо» комитетинин, «Аксылык энелер» кыймылынын мүчөлөрү Бишкек шаардык сотуна кат жолдошту. Кат ээлери «Свердлов райондук соту укук коргоочу Турсунбек Акунга жана «Аалам» гезитине карата туура эмес чечим чыгарган» деген пикирлерин жазып, ишти кайра карап чыгууну Бишкек шаардык сотунан өтүнүшкөн. Ушундай эле маанайдагы кайрылууну республикалык «Акыл-эс, Рух жана Ыйман» коомунун, «Калем» коомдук фондунун, «Болот» ишкер уюмунун өкүлдөрү өлкөдөгү маалымат каражаттарынын жетекчилерине жана бейөкмөт уюмдарга жиберишти. Ал эми доогер - «Эл» партиясынын башчысы Мелис Эшимканов - жана анын сот жараянындагы өкүлү, журналист Жаныбек Жанызак «Свердлов райондук соту туура чечим чыгарды» деп эсептешет.

Укук коргоочу Турсунбек Акун быйыл «Аалам» гезитине «Мелис Эшимкановдун адамдык жана саясий жүзү» аттуу макала жазган. Макаланы М. Эшимканов «адамдык абийириме жана арнамысыма шек келтирди» деп баалап, соттон Турсунбек Акунду 2 млн. сом өлчөмүндө, ал эми макала жарыяланган басылманы 3 млн. сом өлчөмүндө айыпка жыгууну өтүнгөн. 19-сентябрда Свердлов райондук соту «Агым» гезитинин ээси Мелис Эшимкановдун доо арызын карап, аны канааттандырган.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Аманбек Жапаров

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG