Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:06

Райондук сот А.Чотбаевге каршы берилген доо арызды 3-октябрда карамак болду


БИШКЕК. Улуттук гвардиянын колбашчысы Абдыгул Чотбаевге каршы «Арнамыс» партиясынын берген доо арызы боюнча ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту 3-октябрда карай баштайт. Бул тараптардын райондук сотто бүгүн болгон алгачкы жолугушуусунда белгилүү болду. Жолугушуу учурунда соттун маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү тууралуу сунушун доогер тарап колдогон жок. «Аргументы и факты» гезитине берген интервьюсунда А. Чотбаев “Арнамыс” партиясы тууралуу “АКШдан каржылык жардам алып жатат” деген пикирин айткан. Мындай пикирди “партиянын аброюна шек келтирди” деп баалап, «Арнамыс» 19-сентябрда А.Чотбаевди жана “Аргументы и факты” гезитин сотко берген. Партия моралдык чыгым үчүн Чотбаевден 5 млн. сом, гезиттен 5 сом өндүрүп берүүнү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан өтүнгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG