Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

ОРУС ПРЕЗИДЕНТИ БУУнун БАШКЫ АССАМБЛЕЯСЫНДА СӨЗ СҮЙЛӨДҮ


Айданбек Акмат уулу, Прага Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын сессиясынын көңүл борборунда Ирак маселеси кала берүүдө. Бейшемби күнү сессияда орус президенти Владимир Путин менен Британия тышкы иштер министри Жэк Стро сөз сүйлөдү. Алар экөө тең терроризм жана массалык кыргын салуучу куралдын жайылышына каршы күрөштө БУУ негизги ролду ойнош керек деген пикирди айтышты. Бирок Владимир Путин бардык маселелер БУУ аркылуу чечилиш керектигине басым жасаса, Британия тышкы иштер министри түшүп турган коркунучтарга каршы күрөштө дүйнө коомчулугунун аракетсиздигинин кесепетин эскертти.

Орус президенти Владимир Путин Башкы Ассамблеяда бейшембиде сүйлөгөн сөзүндө Иракты калыбына келтирүүдө жана аны дүйнө коомчулугуна кайра кошууда Бириккен Улуттар Уюму башкы ролду ойноорун билдирди. Ал ошондой эле эл аралык коопсуздукту камсыздоодо да Улуттар Уюмунун ролун өзгөчө баалап, бирок Франциянын президенти Жак Ширак сыяктуу Иракта бийликти өлкөнүн жарандарына тезирээк өткөрүп берүүгө басым жасаган жок.

Ал эми келечекте боло турган дүйнөлүк коркунучтарга каршы жамааттык чаралар көрүлүш керек дейт президент Путин:

- Цивилизация кабылып жаткан азыркы коркунучтарга - биз мыйзамдуулугу күмөн туудурбаган жоопторду гана каршы койо алабыз. Бул жерде саясий жана керек болгон учурда аскердик чараларды көрүүнүн системалуу көз караштары болуш керек. Ошол эле учурда ал чаралар макулдашылган, акыл менен калчанган жана жетиштүү болуусу тийиш.

Орус президентинин айтымында, Улуттар Уюмунун көмөгү менен гана Ирактын калкы өз келечегин өзү аныктай алат. Өлкөнү калыбына келтирүү жана дүйнө коомчулугуна кайра кошуу да БУУнун колунан келе турган иш.

Жума күнү кечинде президент Путин Нью-Йорктон Вашингтонго келип, Кэмп-Дэвидде президент Жорж Буш менен жолугушту. Маалыматка караганда, эки президенттин сүйлөшүүсүндө Ирак маселеси жана Ирандын өзөктүк программасы, Чеченстан согушу жана Жакынкы Чыгышта тынчтык жараяны талкууланды.

Бейшембиде Владимир Путинден бир сааттан кийин сүйлөгөн Британия тышкы иштер министри Жэк Стро БУУнун Баш катчысы Кофи Аннан белгилеген терроризмге каршы күрөшүүнүн жолдорун аныктоодо пайда болгон кыйынчылыктарды эске салды:

- Биздин жолубузда чын эле шиш турат. Бириккен Улуттар Уюмун бекемдөө биздин коопсуздукту камсыз кылат деген дагы жаңылыш жол. Бирок, коопсуздукту камсыздоодо дүйнө мамлекеттеринин аракетсиздиги да туура эмес. Биз ушул экинчи жолду тандап албашыбыз керек, - дейт Британия тышкы иштер министри. АКШ менен Британия БУУдан колдоо албай туруп согуш ачканын сындагандарга жооп узатып, ал кездеги кырдаал ошого мажбур кылган, - дейт Жэк Стро.

Британ тышкы иштер Иракка качан эгемендүүлүк берилери тууралуу ачык эч нерсе айткан жок. Орус президенти да бул маселеге басым жасаган эмес эле. Франция президенти гана Иракка тезирээк эгемендүүлүк берилиши керектигин белгилеген.

Ал эми Иракты басып алган АКШ болсо буга чейин Иракка качан эгемендүүлүк берилээри тууралуу чар-жайыт маалыматтарды айтып келген. Бирок жума күнү “Нью-Йорк таймс” гезитине жарыяланган интервьюсунда АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Ирактын жаңы конституциясын жазууга алты ай убакыт чектелгенин билдирди. Анын айтымында, конституция кабыл алынгандан кийин шайлоо өңдүү демократиялык жараяндар уланат. Айрым саясат иликтөөчүлөр муну АКШнын Франция, Германия өңдүү мамлекеттердин талабын канааттандырууга жасаган компромисттик кадамы катары баалашууда.

АКШ Ирак боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жаңы чечимин кабыл алып, ал аркылуу Иракты калыбына келтирүүгө жана коопсуздукту камсыздоого дүйнөлүк таасирлүү өлкөлөрдү тартууга аракетенип жатат.

XS
SM
MD
LG