Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:09

АЗЕРБАЙЖАНДА КӨЗ КАРАНДЫ ЭМЕС БАСМА СӨЗДҮ КУУГУНТУКТОО КҮЧӨДҮ


Октябрдын 15инде Азербайжанда кезектеги президенттик шайлоо өткөрүлмөкчү. Ансыз да көз карандысыз маалымат каражаттарына карата катаал саясаты боюнча мурдатан эле айырмаланып келген расмий Бакы эми эркин журналисттерге каршы чабуулун ого бетер күчөттү.

Октябрдын ортосуна белгиленген президенттик шайлоо күнү ирегеге жакындаган сайын, расмий Бакы оппозициялык талапкерлерге, алардын колдоочуларына жана эркин басма сөз өкүлдөрүнө кысымын күчөттү. Маселен, тартип сактоо күчтөрү 21-сентябрга белгиленген оппозициялык жыйындарды күч менен таркатты. Масаллы жана Ланкаран шаарларындагы бул жыйындар президенттикке талапкер эки саясатчыны - Улуттук көз каранды эместик партиясынын жетекчиси Этибар Маммадов менен Азербайжан Элдик майданынын реформачыл канатынын өкүлү Али Керимлини колдоо үчүн уюштурулган болчу.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун өкүлү Каролин Жиро айым азербайжандык бийликтердин көз карандысыз маалымат каражаттарына каршы чабуулу үстүбүздөгү жылдын июль айынан бери ого бетер күчөгөнүн “Азаттыкка” билдирди.

- Азербайжан – демократиянын өрнөгү болуп саналбайт. Бир нече жылдан бери биз бул өлкөдө маалымат каражаттарына каршы уюштурулган зомбулук чараларын каттап келебиз. Тактап айтсак, мындай кадамга тартип коргоо органдары барууда. Алар кабарчыларды камакка алууну өнөкөт кылып алышкан. Демек, ушул күндөрү болуп жаткан окуялар Азербайжандагы басма сөз эркиндиги жаатында буга чейин түзүлгөн калыпка ылайык орун алууда.

Жиро айымдын айтымында, шайлоонун босогосунда күчөгөн кысымга таң калууга болбойт. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун былтыркы маалыматына караганда, Азербайжан атайын иликтөөгө алынган 139 мамлекеттин ичинен басма сөздүн эркиндиги боюнча 101-орунга араң илинген. “Чек арасыз кабарчылар” уюму 22-сентябрда атайын билдирүү жарыялап, расмий Бакыны көз карандысыз журналисттерди кодулоо фактылары боюнча тергөө жүргүзүүгө, мындай куугунтуктоолорду токтотууга чакырды.

“Йени Насыл” - “Жаңы муун” аттуу журналисттик уюмдун төрагасы Ариф Ариев мырза Масаллы, Бакы жана Ланкаран сыяктуу шаарларда калайык демонстрацияларын чагылдырып жаткан бир нече журналист токмоктолгонун, алардын айрымдарынын техникалык жабдуулары тартып алынганын же сындырылганын айтат. Нахичеванда айрым кабарчылар үч күнгө чейин абакта кармалган учурлар катталган, - дейт Ариев.

Азербайжанда орус тилинде чыгуучу “Зеркало” эркин гезитинин саясий баяндамачысы Азер Рашидоглунун оюнча, азыркы өкмөт башчы эркин маалымат каражаттарына каршы чабуул үчүн түздөн-түз жоопкер:

- Илхам Алиев иш жүзүндө мамлекет башчы болуп калгандан бери, калайыкка объективдүү маалымат берүүгө далаалаттанган журналисттерге каршы зомбулук, аларды уруу-согуулар кадыресе көрүнүшкө айланды.

Рашидоглу мырза Азербайжан үчүн эки жолдун бирин тандоо керектигин: же толугу менен Түркмөнстанга айлануу, же болбосо, демократиялык эркиндиктерди камсыз кылып, Европага ыктоо керектигин айтат.

Президенттикке талапкерлердин бири, азыркы мамлекет башчы Гейдар Алиев ушул тапта АКШда дарыланууда. 80деги карыянын атаандашы катары расмий катталган анын уулу, учурдагы өкмөт башчысы Илхам Алиев өзүнүн шайлоо өнөктүгүн мамлекеттик машиненин күчү менен жүргүзүүдө. Экөөнүн кимиси ыктыяры менен бири-бирине жол берээри, ата-бала бул саясий оюнду шайлоо алдындагы соңку күндөрү кандай багытта улантаары калайыкка азыр деле бүдөмүк.
XS
SM
MD
LG