Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

ИРАК: КОНСТИТУЦИЯ ЖАРЫМ ЖЫЛДА ДАЯР БОЛОТ


Байян Жумакадыр кызы, Прага 25-сентябрда АКШнын тышкы иштер министри Колин Пауэл Ирактын Конституциясын иштеп чыгуу үчүн Ирактын Башкаруучу Кеңешине жарым жыл берилиши мүмкүн экенин билдирди. Таймс гезитинде берген маегинде Пауэлл Конституциянын кабыл алынышы өлкөдө шайлоо өткөрүүгө жана жаңы өкмөттүн орношуна өбөлгө түзөөрүн белгиледи. Пауэллдин айтымында, конституция кабыл алынып, жаңы өкмөт шайланганга чейин Иракка жетекчилик кылуу АКШ жетектеген оккупациялык күчтөрдүн колунда кала берет.

25- сентябрда “Таймс” гезитине берген интервьюсунда Пауэлл конституцияны иштеп чыгуу үчүн алты айлык мөөнөт өтө аздык кыла турганын, ошентсе да АКШ баштаган оккупациялык жетекчилик Башкаруу Кеңешине бул мөөнөттүн ичинде конституцияны иштеп чыгуу сунушун киргизе турганын билдирди. Ошону менен бирге министр Конституцияны иштеп чыгуунун мөөнөтү азыр Улуттар Уюмунда кызуу талкууланып жаткан резолюция долбооруна өзүнчө жобо катары киргизилбей тургандыгын белгиледи.

АКШнын тышкы иштер министри Франция менен Германиянын Конституцияны иштеп чыгуунун так мөөнөтүн белгилөө талаптарын АКШ аткарууга аракеттене турганын, ошону менен бирге Иракты башкаруу ишин Улуттар Уюмуна өткөрүпү жөнүндөгү Франциянын талабы эске алынбастыгын турганын айтты:

- Иракты башкаруу жоопкерчилигин Улуттар уюмуна өткөрүп берүү идеясы уюмдун өзүндө да колдоо тапкан жок. Иракта коопсуздук жагдайы начарлап, Улуттар Уюму анда иштеп жаткан 86 чет элдик кызматкерин өлкөдөн шашылыш чыгарып кетүүнү чечти.

Министр мындайда Иракты башкаруу милдетин Париж сунуш кылгандай бир айдын ичинде Ирактын Башкаруучу кеңешине өткөрүп берүү жөнүндө сөз кылуу да мүмкүн эмес деп эсептейт.

Башкаруучу кеңеш мыйзамдуу шайланган өкмөт эмес, ал болгону Ирактын саясатчыларынан куралып, дайындалган утурумдук башкаруучу орган. Саддам Хусейиндин режиминин калдыктары, Баас партиясынын тарапкерлери андай өкмөткө каршы көтөрүлүш чыгарышы мүмкүн, - деди Пауэлл. Ал америкалык аскерлер, эл аралык уюмдар менен карапайым ирактыктарга күн сайын жасалып жаткан кол салууларды Баасчылар уюштуруп жатышат деп айыптады.

Ирактагы абалдын начарлаганына байланыштуу Улуттар уюму бейшемби күнү өлкөдө иштеп жаткан кызматкерлеринин санын кескин азайта турганын жарыя кылган. Уюм Багдаддын өзүндө 42 кызматкер, ал эми Ирактын түндүк чөлкөмүндө 44 кызматкерин калтырылып, калгандарын бир нече күндүн ичинде кошуна өлкөлөргө убактылуу чыгарып кете турганын билдирген. Уюмдун баш катчысы Кофи Аннан АКШлык аскердик жетекчиликти Иракта коопсуздукту камсыздай албаганы үчүн кескин сынга алды.

Ирактагы окуялар өлкөдөгү абал барган сайын кооптуу болуп баратканын бышыктоодо. Бейшемби күнү күндүз Ирактын Башкаруучу кеңешинин ушул жуманын башында ок жеп оор жарадар болгон мүчөсү Акыла ал-Хашеми айым Багдадда Американын аскердик госпиталында каза болду. Хашеминин каза болгондугуна байланыштуу жасаган билдирүүсүндө Американын Ирактагы администрациясынын башчысы Пол Бремер Ирак эли демократия жана эркиндик үчүн тайманбай күрөшкөн кызынан айрылып калды деп айтты. Башкаруучу кеңешке мүчө болгон үч аялдын бири ал-Хашеми ушул жумада Улуттар Уюмунун Жалпы Ассамблеясынын 58 сессиясына катышмак. Хашеминин каза болгонуна байланыштуу Башкаруу Кеңеши үч күнгө аза күтүү жарыялады.

Хашемиге жасалган кол салуу менен өлкөдө орун алган тынч тыныгуу соңуна чыкандай болду. Ушул жумадагы окуялар козголоңчулар америкалык солдаттар баш болгон чет элдиктерди эле эмес, карапайым ирактыктарды да бутага алганын көрсөтөт. Бейшемби күнү кечинде Багдаддан 50 чакырымдай түндүгүрөөк турган Бакуба деген жердин базарында бомба жарылып, андан 8 киши курман болду. 18 киши жараат алышты. Жабыркагандарды куткаруу үчүн базарга шашылыш түрдө америкалык жөө аскерлер тартылды. Андан мурда болсо АКШнын NBC жаңылыктар агенттиги турган ал-Айке деген мейманканада бомба жарылып, андан бир киши курман болуп, бир киши жараат алды. Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарынын айланасында АКШнын аскердик автоколоннасына кол салуу болуп, анда 8 америкалык солдат жарадар болду. Ирактагы аскердик операциялар негизинен аяктады деп жарыяланган биринчи майдан бери түрдүү кол салуулардан 79 америкалык жоокер курман болгондугу маалымдалат.

Анын аралыгында АКШнын коргонуу жетекчилиги Ирактагы аскерлердин санын көбөйтүүнү караштырмакчы болуп жатат. Учурда Иракта 130 миңдей америкалык жана 10 миңдей британиялык солдат кызмат өтөп жатат. Ошондой эле бир нече миң жоокерден турган эл аралык контингент бар. Вашингтон Ирактагы аскерлердин санын эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн эсебинен көбөйтүүгө ынтызар. Иракта эл аралык аскердик контингенттин санын көбөйтүп, өлкөнү калыбына келтирүүнү каржылоо маселесин башка өлкөлөр менен бөлүшүү - Ирак боюнча Америка сунуш кылган резолюция долбоорунун башкы идеясы. Байкоочулар Ирактагы абалдын опурталдуу болуп кала берип жатканы Иракты башкаруу укугун Америкага калтыруу сунушунун колдоого алынуусуна өбөлгө түзөт дешет.

XS
SM
MD
LG