Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА РАСМИЙ ТИЛДЕРДИН КЫРГЫЗ КООМУНДАГЫ ОРДУ


Назарыңыздарда «Коом жана турмуш» маалымат-аналитикалык берүүбүздүн алгачкы чыгарылышы. Бул берүү Кыргызстандын өнүгүшүнө эриш-аркак кызмат өтөп келаткан мамлекеттик жана расмий тилдин бүгүнкү ордуна, жалпы эле Кыргызстандагы тил саясатына арналып, ага саясатчылар, коомчулук өкүлдөрү, адистер катышат.

Бурулкан Турдубек кызы:
- Урматтуу угармандар, көп улуттуу Кыргызстанда тилдердин алакалары кандай? Негизги тилдер саналган мамлекеттик жана расмий тилдердин өзгөчөлүктөрү эмнеде, өксүктөрү кайсы? Бул берүүбүздө ушул жана башка жагдайларга көңүл бурулат.
Биз адегенде «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров менен болгон интервьюну сунуштайлы.

Урматтуу Азимбек мырза, Кыргызстанда улуттук тилдин кечээкисин жана бүгүнкүсүн салыштырууга болобу? Кандай өсүштөрдү же өксүктөрдү байкап жүрөсүз?

- Эгемендүүлүгүбүздү алгандан бери өзүбүздүн мамлекеттик эне тилибизге СССР убагындагыдай мамиле кыла алган жокпуз. Эмне иш кылып атабыз? Конституцияга бир кичинекей беш сөз менен «кыргыз тили - мамлекеттик тил, улуттук сыймык» деп койсок эле болдубу? Же болбосо эртең мына мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдарды кабыл алабыз. Мыйзамдар качан аткарылып атат? Качан ар бир улуттун патриотумун деген интеллигенттер, Кыргызстандын атуулдары мамлекеттик сыймык катары ошол тилде сүйлөп, жашап, ойлонгондо гана мамлекеттик тил жогорку деңгээлге чыгат.

- Орус тилин дүйнөлүк аренага чыгуучу көпүрө катары кабылдай аласызбы?

- Каалайбызбы, каалабайбызбы, азыр дүйнөлүк тил болгон англис тилин да киргизишибиз керек. Мен биринчи жолу чет өлкөгө барганда Амстердамда бир орусча сүйлөгөн кишини таба албай, же англисче билбей үч саат кыйналгам. Дүйнөлүк баалуулуктарга баары бир орус тили менен гана жетише албайбыз. Кыргыз тили менен деле орус тили сыяктуу эле дүйнөгө чыкса болот. Мисалы, Аскар Акаев бир жакка барганда кыргызча сүйлөп туруп, анан ошол кыргызчадан англис тилине которо турган котормочу пайдаланса болот.

- «Келечекте англис жана кытай тилдеринин да өлкө ичинде атайын макамга ээ болушу мүмкүн» деген божомолго кандай карайсыз?

- Мен ойлойм, келечекте каалайбызбы, каалабайбызбы, орус тили менен катар англис тилин да расмий тил катары киргизишибиз керек. Мен кытай тилине каршымын. Ал эми англис тилин биз киргизишибиз керек, анткени бул - БУУнун тили. Компьютер жана башкалар англис тилинде… Бирок муну турмуш өзү жөнгө салыш керек: кайсы тил күчтүү, кайсы тил Кыргызстанда эл арасында кандай орун алып атат? Мисалы бул англис, бул орус деп жерип турганыбыз болбойт. Англис тили менен шайкеш кыргыз тилин да өнүктүрүшүбүз керек.

- Орус тилинин Кыргызстанда ээлеген ордун сиз кубаттайсызбы?

- Кыргыздын кыргыз болушуна, бүгүнкү жетишкендиктерибизге орус тилинин тарыхый ролу да чоң, дагы көпкө чейин турат. Анткени биз КМШ аймагында жашап атабыз. Ушул цивилизацияга ошолор жеткирбедиби, ошолор Айтматовдорду пайда кылбадыбы. Америка келип Ганси аскерий базаны орнотуп койсо эле, «кокуй Америка бизге көп кредит берип атат» деп орустарды чанып койгон саясатчылар да бар. Дароо эле жиликтеп киргенге биздин укугубуз жок. Баары орус тилинин, орустардын, Советтер Союзунун арты менен ушуга жеткен да. Аскар Акаев баш болуп Ленинграддан билим алып келбеди беле. Дүйнөлүк доктор, академик, наамдарына, баардык илимге орус тили менен жетпедик беле, эмне үчүн унутуп коюшубуз керек буларды?

- Рахмат, маегиңизге.

Бурулкан Турдубек кызы:
- Урматтуу угармандар, 80ден ашык улут жашаган Кыргызстанда орус, кыргыз тилдерине гана артыкчылык берилген. Депутат Зайнидин Курмановдун пикиринче, бул эл аралык тажрыйбаларга таянып кабыл алынган эң туура чечим. Парламент мүчөсү жана «Менин өлкөм» партиясынын өкүлү Курмановго сөз бергенге чейин бул жерде кабарчыбыз Кубат Оторбаев сөз сурап жатат. Кубат Сиздерге азыр үзөңгүлөш эки тилге башка улуттардын мамилесине байланышкан иликтөөсүн сунуштайт.

Кубат Оторбаев:
- Кыргызстанда жашаган 80ден ашуун улуттардын бири болгон корейлердин коомдук бирикмесинин жооптуу катчысы Светлана Пактын айтымында, орус тилине ырасмий тил макамынын берилиши өлкөдө жашап жаткан түрдүү улуттардын мамлекеттик жана коомдук турмушка толук кандуу аралашуусуна жакшы шарт түздү:

- Кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамын алышы менен адистердин мамлекеттик башкаруудан четтеп калган учурлары көбөйө баштаган. Орус тилинин ырасмий тил макамын алышы менен мындай көрүнүштөргө чек коюлат го деген ойдомун.

Светлана Пактын айтымында, башка улуттардын кыргыз тилин үйрөнүш маселесине мамлекет тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай келатат. Башкы кемчилик катары Светлана Пак кыргыз тилин окутуунун усулунун начарлыгын жана китептердин жетишпегенин айтат:

- Мен кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет жасап көрдүм. Бирок, тилекке каршы, менин жаш курагыма жана деңгээлиме ылайык келүүчү кыргыз тилин үйрөтүүчү курстар жок экен. Болсо да чоң акча сурашат. Анын үстүнө тил үйрөтүүнүн усулу да чабал экен. Кыргыз тилин өз алдынча мугалим жалдап үйрөнүүгө да аракет жасап көрдүм, бирок, грамматиканы үйрөтө турган окуу китептери жок. Бул – кошумча кыйынчылыктарды алып келет, - дейт Светлана Пак.

Бирок, «кыргыз тилин үйрөтүүнүн усулу начар» деген пикирге макул эместер да бар. Бишкек шаарындагы № 42-мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеп кеткен Фатима Айтбаева «башка улуттардын кыргыз тилине болгон мамилеси орус тилине ырасмий тил макамы берилгенден тартып толук өзгөрдү» деген пикирин ортого салды:

- 1989-жылы кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алганда Кыргызстандагы түрдүү улуттар зор ынтаа менен кыргыз тилин үйрөнө башташкан. Бирок, кийин орус тилине ырасмий деген макам берилип, кыргыз тили экинчи орунга жылып калды. Мен «кыргыз тилин үйрөнүүгө шарт жок, усулу начар» дегендерге кошула албайм. Бул сөз - жөн эле жалкоолордун шылтоосу.

Фатима Айтбаева да, Светлана Пак да «кыргыз тилинин өнүкпөй жатканына мамлекеттик тиешелүү уюмдардын, так айтканда, Мамлекеттик тил комиссиясынын иштебей койгону себеп болду» дешет. Светлана Пактын ал тууралуу пикири мындай:

- Биздин кыргыз тилин билбей калышыбызга Мамлекеттик тил комиссиясынын тиешеси бар деген ойдомун. Себеби, кыргыз тилин мамлекеттик тил деп жарыялоо менен бирге, анын турмушка ашуусун камсыз кылуунун да жолдорун түзүш керек да.

Светлана Пактын айтымында, Кыргызстандагы орус жана кыргыз тилдеринен башка тилдердин өнүгүшүнө мамлекет тарабынан колдоо да жана тоскоолдук да байкалбайт. Ошондон улам, өкмөт Кыргызстандагы орус жана кыргыз тилдеринен башка тилдерди өнүктүрүүгө да көңүл бурууга тийиш деген пикирлер бар.

Бурулкан Турдубек кызы:
- Рахмат, Кубат. Анда эмесе азыр Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутатына сөз берели. Микроофондо Зайнидин Курманов:

- Ар кандай тилдердин ичинен дүйнөлүк тилдер деп бөлүнөт: эл аралык (коммуникативдик тилдер деп коёт аларды) жана жергиликтүү тилдер бар. Кыргыз, түрк тилдеринде Бириккен Улуттар Уюмунда чыгып алып сүйлөсөң эч ким сени түшүнбөйт. Же англис, же орус, же немис, же француз, же кытай тилинде котормо жасаш керек. Бизде 80 улуттун бардыгы орус тили аркылуу байланышып атпайбы. Маселен, өзбек тили мамлекеттик болуп калса эки эле улуттун ортосунда байланыш болуп калат. Анан башка улуттар деле андай маселени койсо болот да. Негизги кадам эмне үчүн жасалган? «Бардык улуттар бир тилде сүйлөгөнгө аракет жасасын, байланыштар үзүлбөсүн» деген идея бар болчу. Ошондуктан, орус жана кыргыз тилине бир статус берген абдан туура жол. Муну биз ойлоп тапкан жокпуз. Мурун эгемендүү болгон мамлекеттер да ошол жол менен кеткен. Азыр бул боюнча эч кандай маселе жок. Өз жолубузду бул жактан издебей, эл аралык тажрыйбаны үйрөнүп, ошого карап саясат жасашыбыз керек.

Бурулкан Турдубек кызы:

- Сурамжылоолорго караганда, Кыргызстандын бүгүнкү даражага жетишине орус тилинин жана орус калкынын кошкон салымы талашсыз. Бирок, ошол эле мезгилде анын улуттук тилге терс таасир тийгизишине жол бербеш керек. Мындай пикирлерин Бишкектиктер кабарчыбыз Аманбек Дилденбай жүргүзгөн көчө маектеринин учурунда айтышты. Азыр сиздерге ошол пикирлердин айрымдарын сунуштайбыз.

- Атым Вахабжан Мамытов, өзүмдүн улутум уйгур. Мен өзүм кыргыз эмесмин, бирок кыргыз тилин суудай билем. Өзбекстандан тарбия алгам. Тил маселеси ал жерде күчтүү, орусча кошуп сүйлөшпөйбүз. Кыргыз тилине орус тилинин баасы күчтүү. Бары-жокту карасаң орусча жазылып жүрөт. Эмне үчүн кыргызча жазып, аны түшүнө албашым керек? Мен мындай түшүнөм: орус тили бизге «дежур» тил.

- Менин атым Осмонаалы. Жогору жактагылардын баары кыргызча сүйлөп, иш кагаздары жалаң кыргызча айтыла турган болсо, анда кыргыз тили өнүгөт. Орус тили да бул эң жакшы тил. Бирок Кыргызстанда болгондон кийин чет мамлекеттерден келгендердин баары кыргызча сүйлөсө, кыргыз тили өнүгөт деп ойлойм.

- Жылдыз Бектуровамын. Кыргыз тилинде азыр Кыргызстанда бардык эле элдер сүйлөшөт. Орус тили биздин экинчи эне тилибиз дегендей эле, жаштар баары тең азыр орус тилге өтүп барат.

- Атым Ольга. Менимче жаштар азыр кыргыз тилин үйрөнүп окууга далалат кылып атышат. Мен өзүм ушул жерде туулуп, өстүм, бирок кыргыз тилин үйрөнүүгө кызыккан жокмун. Кереги эмне? Менин кесибим экономист. Жакында Орусияга кетем. Ал жерде англис, немис тили керек болушу мүмкүн. Кыргыз тилинин кереги жок.

- Менин атым Кытайбек Романов. Асылбектин баласымын. Улуттук эне тилибизге болгон мамиле эң жаман деп айтсам да болот. Кыргыз тили улуттук тил болуп кабыл алынганда бир аз иш жүрдү эле, кийинчерээк эле Орусияга жагынуу максатында көпчүлүк документтерибиз которулбай, орусча болуп кала берди. Улуттук тил деп мыйзамда, кагаз жүзүндө бекитилгени менен маани берилбей атат. Өзгөчө курултайлар, Жогорку Кеңештин сессиялары, конференциялар - ушунун баары тең кыргыз тилинде болуш керек. Негизинен президент жалаң гана кыргызча сүйлөш керек.


Бурулкан Турдубек кызы:
- Аманбек Дилденбай чогулткан пикирлерге кошумча катары мен азыр сиздердин назарыңыздарга кыргыз тилин суудай билген орус кызы, Славян университетинин кыргыз тил кафедрасынын башчысы Галина Василькованын пикирин сунуштасамбы деп турам. Анткени, анын пикиринде, кыргыздардын арасында жашап турган ар бир башка улуттагы атуул ошол улуттун тилин үйрөнүүгө дилгир болушу керек. «Азыркы жаштар бул жагынан үлгү болуп жатышат», дейт Галина Василькова:

- Кызыга баштады деп айтсам болот, себеби биринчи курстарга келгенде кээ бир студенттер орус, немец улутунанбы, «Манастын» үзүндүлөрүн айтып бере башташты, комуз, чоор чертүүгө кызыгып, эң татына ырдап, бийлеп берип, кызыгып калышты.

Бурулкан Турдубек кызы:
- Ал эми алыскы аймактарда тил саясатына мамиле кандай болуп жатат? Буга Баткендеги кабарчыбыз Шайырбек Эркин уулу жооп алуу аракетин жасады. Шайырбектин маалыматы боюнча, азыр бул регион калкынын орус тилин үйрөнүүгө ынтызарлыгы күчөп баратат. Анда кепти кабарчыбыз улантсын.

Шайырбек Эркин уулу:
- Орус тилине умтулуу күчөп баратканын облус борборундагы окутуу орус, кыргыз тилдеринде жүргүзүлгөн жападан-жалгыз Жоомарт Бөкөмбаев атындагы мектептин мисалынан билсе болот. Акыркы жылдарда бул мектептин сабак орус тилдеринде жүргүзүлгөн башталгыч класстарына каалоочулардын көптүгүнөн улам балдарды сынак жолу менен тандап ала башташты. Жергиликтүү мугалим Абдыжапар Садыков орус тилине болгон кызыгуунун кайра күчөшүнүн себебин төмөнкүчө белгилейт:

- Себеби, биздин кыргыз тили менен кошо эле кыргыз мамлекетибизде жүрүп жаткан тил саясатында орус тилине да статус берип, бардык документациялар орус тилинде кошо жүргүзүлгөндүктөн, орус тилин балдарга үйрөтүү биздин эл үчүн кандайыр бир орчундуу орунду ээлейт десем болот.

Ал эми турмуш шартка байланыштуу Баткенге келип, жергиликтүү «Салам» радиосунда журналист болуп иштеп жаткан орус улутунун өкүлү Алия Абдуллина калктын негизги бөлүгү кыргыз тилинде сүйлөгөндүктөн, бул жерде кааласа да, каалабаса да кыргыз тилин үйрөнүүгө аргасыз экендигин айтат.

- Мен өзүм Оштон келгем. Мен мектепте жана университетте окуп жүргөндө кыргыз тили окутулган эмес. Эми зарылчылык болгондуктан, кыргыз тилин үйрөнүүгө туура келет, - дейт Баткенде жашаган орус тилдүү журналист.

Бурулкан Турдубек кызы:
- Орус тилинин Кыргызстанда бөксөрбөс орду бар экенин башкалар сыяктуу эле кыргыз тилинин күйөрмандары, тилчи-окумуштуулар баса белгилеп жүрүшөт. Ошол эле учурда алардын арасында мамлекеттик тил деңгээлинин көтөрүлбөй жатканына кабатыр болгондор аз эмес. Бул адатта, мыйзамдардын аткарылбагандыгы, мамлекеттик жооптуу кызматкерлердин кош көңүл мамилеси менен байланыштырылат. Кыргыз тилине көңүл бурулбай калышын орус тилине расмий макамдын берилиши менен да байланыштыргандар бар. Көпчүлүк адистер жаңы кабыл алынаары күтүлүп жаткан мыйзам долбоорунан көптү үмүт кылышат. Биз сөзгө тарткан Каржы министрлигинин алдындагы Кирешелер боюнча комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев адистердин кыргыз тилин өстүрүү зарыл деген пикирине кошулду:

- Биздин мамлекеттик эне тилибизге көбүрөөк көңүл бурушубуз керек, ошондо мен ойлойм, жакшы болот. Себеби, биз, кыргыздар, өтө азбыз – 2,5 миллион. Кудайга шүгүр, ушундай өзүбүздүн эгемендүү өлкөбүз, символдорубуз бар, биз ошону сакташыбыз керек, колубуздан келишинче. Бүгүнкү күндө бизден кийинки муундардын 20-30% англис тилин билет. Мен жаңылышпаймын. Бирок колдон келсе көп тилди билиш керек.

Бурулкан Турдубек кызы:
- Урматтуу угармандар, ушуну менен «коом, турмуш, көз караш» аттуу маалымат-аналитикалык уктуруубуздун алгачкы чыгарылышын аяктайбыз. Берүүнү Бишкек студиясында Бурулкан Турдубек кызы сунуштады. Берүүнү даярдоого кабарчыларыбыз Кубат Оторбаев, Аманбек Дилденбай жана Шайырбек Эркин уулу катышты. Саламатта калыңыздар.

Тектеш

XS
SM
MD
LG