Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

БАҢГИЛИК - КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БАШКЫ КӨЙГӨЙЛӨРДҮН БИРИ


Эми, урматтуу угармандар, «Коом жана турмуш» аттуу маалымат-аналитикалык программабыздын кезектеги санын угуңуздар.

Бүбүкан Досалиева:
- Саламатсыздарбы, урматтуу угармандар! «Коом жана турмуш» аттуу маалымат-аналитикалык программабыздын бүгүнкү саны Кыргызстан гана эмес, бүткүл адамзатты бейпайга салган көйгөйлүү маселелердин бири - баңгиликке, анын ичинде бул кооптуу көрүнүштүн Кыргызстанда күч алышына арналат. Акыркы он жылдыкта Кыргызстандын баңгичилеринин саны кескин өстү. Буга кандай жагдайлар өбөлгө болууда жана ага бөгөт болчу кандай жолдор бар? Бүгүн мына ушул суроолордун айланасында ой жүгүртүүгө аракет кылабыз. Уктурууну мен, Бүбүкан Досалиева алып барамын жана аны биз Кубат Оторбаев, Чолпон Орозобекова болуп биргелешип даярдадык. Мындан тышкары, облустардагы кабарчыларыбыз да кол кабыш кылышты.

Азыр 5 миллион калкы бар Кыргызстанда 5 миң баңгичи расмий каттоого алынган. Расмий эмес маалыматтар боюнча, алардын саны иш жүзүндө мындан 10-15 эсе көп дешет. Айрыкча, алардын саны кийинки жылдары кескин көбөйүп кетти. Буга эмне себеп? Сөз, суроого жооп издеген Кубат, сизде.

Кубат Оторбаев:
- Ырахмат, Бүбүкан айым. Кыргызстандын Баңгизаттарга көзөмөл боюнча агенттигинин жетекчисинин орун басары, полковник Мухтарбек Мадыбаевдин айтымында, Ооганстанга Хамид Карзай башында турган жаңы өкмөт келгенине карабай, Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан аркылуу өтүп жаткан ооган баңгизаттардын саны азайган жок. Анын себебин Мухтарбек Мадыбаев мындай түшүндүрдү:

- Кыргызстан транзиттик өлкө катары белгилүү. Ошого байланыштуу биз баңгизаттарга каршы күрөш боюнча өзүбүздүн аракетибизди жылдан-жылга күчөтүшүбүз керек. Оганстандагы азыркы бийликтин аракеттери жыйынтык бербей жатат. Себеби, элдин турмушу оор. Бир топ жылдардан бери баңгизаттардын пайдасы менен жашап келген дыйкандарга кирешенин альтернативалуу башка булагы табыла элек. Ооганстандагы бул кырдаалды өзгөртүш үчүн бир топ жылдар керек.

Мухтарбек Мадыбаевдин айтымында, жыл өткөн сайын баңгизаттарга каршы күрөш күчөп жатат. Бирок ошол эле маалда эл аралык кылмыштуу топтордун да барган сайын каражаты көбөйүп, ага жараша айла-амалдары да артып бараткандай. Бирок күч органдары да «карап отурган жокпуз» дешет.

- Мисалы, ушул жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча 55 килограммга жакын апийим, 66 килограммдан ашык героин кармалды. Былтыркы менен салыштырганда 2-3 эсе аз көрүнүп жатат. Бирок «баңгизаттар Кыргызстан аркылуу ташылбай калды» дегенге эч кандай негиз жок. Мен белгилеп кеткендей, күрөш барган сайын кыйын болуп баратат.

Мухтарбек Мадыбаев ооган баңгизатынын бир бөлүгү Кыргызстанда калып жатканын, анын көлөмү көбөйгөн сайын баасы да арзандап, сатып алууга оңой эле болуп, коркунуч күчөп жатканын белгиледи:

- Албетте, баңгизаттардын кайсы бир бөлүгү Кыргызстанда да калат. Себеби, Кыргызстанда ырасмий каттоодо 6 миңдей баңги бар. Ал эми талдоочулардын айтымында, алардын саны 10-15 эсе көп. Баңгилердин санынын өсүшүнө баңгизаттардын көлөмүнүн өсүшү таасирин тийгизип жатат. Баңгизаттар көбөйгөн сайын баасы төмөндөйт. Мисалы, баасын так айтсак, героиндин бир килограммынын баасы 6000-7000 долларга барат. Апийимдин баасы болсо героиндикине караганда 10 эсе арзан.

Сиздер пикирин уккан, Кыргызстандын Баңгизаттарга көзөмөл боюнча агенттигинин жетекчисинин орун басары, полковник Мухтарбек Мадыбаев Кылмыш-жаза кодексиндеги бир кемчиликке токтолду. Кодекстин 246-беренесинин 1-бөлүгүндө «баңгизаттарды сактаган адам мыйзам алдында жооп берет» деп жазылган. Бирок турмушта ар бир баңги баңгизат сактаарын билебиз. Тартип коргоо кызматкерлери аларды кармап, түрмөгө салышууда. Мухтарбек Мадыбаевдин пикиринде, алгачкы жолу аз доза менен кармалгандарды административдик жоопко тартуу менен чектелүү керек. Эгер ошол эле адам бир жыл аралыгында кайрадан баңгизат менен кармалса, анда кылмыш жоопкерчилигине тартылышы зарыл.

Бүбүкан Досалиева:
- Ооба, бул көйгөйлүү көрүнүш азыр республиканын бардык аймагында негизги баш ооруга айланып баратат. Айрыкча, Ош аймагында бул жорукка башы малынгандар көбүрөөк. Буга эмне себеп? Оштогу кабарчыбыз Кожогелди Култегин Ош шаарындагы наркологиялык диспансердин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Каныбек Кенжебаевге ушул суроону берген эле. Азыр жообун угалы:

- Себеп дегенде, биринчиден, Ош шаары наркотрафиктин жолу болуп калды. Баңгизат Хорог аркылуу Ооганстандан жана Тажикстандан келет. Ош өткөөл база эсептелип калды. Экинчиден, баңгизаттар көп. Үчүнчүдөн, арзан. Төртүнчүдөн, «кандай болоор экен, эмне болоор экен» деп, жаштар кызыгуу менен алышат. Бешинчиден, баңгизат колдонгондон кийин адам кандай абалга келээрин, кесепетин билбестиктен улам көбөйүп баратат

Бүбүкан Досалиева:
- Бул проблеманы иликтеген көпчүлүк байкоочулар Кыргызстанда баңгиликтин күчөшүнө жумушсуздук, жакырчылык түрткү болгондугун белгилешет. Айрыкча, бул айыл жериндеги жумушсуз калк арасына катуу таасир берүүдө. Маселен, Ысыккөл облусундагы Түп районунда кара куурайдын бүрүн чогултуп, нашаа жасоо, аны сатуу жана конокко чакырылган жерге белек катары алып баруу кадимки көрүнүшкө айланган. Нашаа жыйноо кадимки өнөктүктөй болуп, ага жаш-кары дебей барышат экен. Анда бул тууралуу сөздү Ысыккөлдөгү кабарчыбыз Шейшекан Жаналиева улантсын:

Шейшекан Жаналиева:
- Түп районундагы Чоңтогузбай, Токтоян айылдарынын айрым тургундарын сөзгө тартып көргөнүбүздө, алар ачык эле «биздин жашоо-тиричилигибиз кара куурай менен өтүүдө» дешти:

- Бул мындай да, элдин баары барып атат, кызынан кенедей баласына, келин-кесегине чейин чыгышат, чогултуп алышат. Кээде окууга даярдап жатканда буту жылаңайлак, башында баш кийим жок, окуу китеби жок балдарга ошону чогулттуруп, сатып, ошону менен оокат кылышат. Менин 6 балам бар, аялым оорукчан. Мен деле кээде ат минип алып, эки жакты карап чогултуп келип, өткөрүп, 3 баламды, 2 кызымды окууга киргиздим. Антпесек эмне кылабыз?

Шейшекан Жаналиева:
- «Эгерде менин жумушум болсо, жашоом элдикинен кем болбосо, аялдарга кошулуп жапайы кендирге бармак эмесмин», - дейт атын атоодон жаа бою качкан дагы бир аял:

- Жашырбай эле коёюн: айыл ичинде кыз-келиндер ушуну пайдаланып, ушуну менен эле күн көрүп калышты. Кээ бирөөлөр мейманга келгенде ачык эле тамашалап «кара торпок жетелеп келдик» деп келишет. Кутучасы менен деле жерге кирсин, ал жаккан кишиге жагат, жакпагандын шорун катырып эле атат. Кенедей бир грамм үчүн жапжаш кыздар-балдар убактылуу абактын цемент полунда жатышат.

Жетинчи класстын окуучусу:

- Атың ким?

- Атым Максат.

- Сен быйыл кара куурай чогултуп өз киймиңди өзүң даярдаган турбайсыңбы, ошол чынбы?

- Ооба, антпесе ата-энем иштебейт, элдин баары эле ошондой кылат.

- Эгерде милицияга кармалып калсаңар кантесиңер?

- Милицияга кармалып калсак, үйдөгү малдан кетет да. Бир бодо сурайт, акчалай сурайт, же болбосо Түпкө алып барып камап салам дейт.

- Качантан бери даярдап жүрөсүң?

- Эки жылдан бери жасап атам.

- Быйыл канча сом таптың?

- Быйыл бөбөктөрүмдүн кийингенине жетти, өзүм да кийиндим.

- Баш-аягы канча сом таптың?

- Баш-аягы 2 миң сом таптым.

Бүбүкан Досалиева:
- Ысыкөлдөгү кабарчыбыз Шейшекан Жаналиеванын нашаа жыйнап, саткандар менен маегин уктуңуздар.
Баңгиликтин кийинки кезде постсоветтик өлкөлөрдө жайылуусун иликтеген эл аралык эксперттердин пикири боюнча, ага биринчиден, Cовет доорундагы идеологиялык темир тор жоюлуп, базар мамилелеринин күч алышы, карым-катнаштын жогорулашы, экинчиден, жаштар арасында баңгизат колдонуу мода деген түшүнүктүн күчөшү да ага түрткү болду дешет. Ал тууралуу Улуу Британиянын дүйнөдөгү 20 мамлекетте иш алып барган «ВИЧ-СПИД» деген альянсынын координатору Вячеслав Кушаков мындай дейт:

- Азыр сунуш-талап катуу таасир берип калды. Мурдагы СССРдин курамындагы мамлекеттердин базар экономикасына өтүшү менен алар бул системага өзүнөн-өзү кошулду. Башкача айтканда, баңгизат деген алымдуу товар бар, ага суроо-талап күчтүү. Бул товарды канча көп чыгарып, канчалык көп сатса жана алармандарды канчалык көп тапса пайдасы да ошончо көп болот. Ошондуктан, баңгизат соодасынын ээлери пайдалануучуларды көбүрөөк тартууга аракеттенишет. Бул көйгөйдү токтотуу абдан кыйын, анткени ал көмүскө экономиканын өзөгүн түзүп, көп адамдарды байлап алган. Ал эми жаштар арасында Батыштын модасы күчтүү болгондуктан, мурда Батыштын оорусу болгон баңгилик постсоветтик мамлекеттердеги жаштар арасында өтө катуу жайылып барат, - дейт улуу британиялык эксперт Вячеслав Кушаков.

Урматтуу угармандар, өзүңүздөр күбө болгондой кары-жаш, аял-эркек дебей өзүнө баш ийдирип бараткан баңгиликтин коркунучтуулугу тууралуу эл арасында маалыматтын жоктугу, коомдун кош көнүлдүгү да буга өбөлгө болууда. Ушундан улам эл аралык эксперттер «ар бир мамлекетте таасын саясат болуусу абзел» дешет. Алардын ою боюнча, баңгилери жок коомду азыр элестетиш мүмкүн эмес. Демек, азыркы башкы максат – жашыруун пайдалангандарды ачыкка чыгарып, санын тактап, алардын коомдогу зыяндуулугун азайтуу аракетин күчөтүү. Ал тууралуу баңгиликтин зыяндуулугун азайтуу боюнча, Польшанын Краков шаарындагы бейөкмөт уюмдун өкүлү Гжек Гвадовский мындай дейт:

- Менин оюмча, коомду баңгилерден такыр арылтуу тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Анткени ал коомдук турмуштун бардык катмарын ээлеп калды. Азыркы башкы милдет - баңгизат колдонгондордун санын кыскартуу жана алардын коомдогу зыяндуулугун азайтуу аракетин көрүү, - деген польшалык эксперт Гжек Гвадовскийдин пикири боюнча, эң ириде баңгиликтин коркунучу тууралуу калк арасында маалымдуулукту жогорулатуу саясатын жүргүзүү зарыл.

Бул багытта кыргыз парламентинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, адистиги боюнча дарыгер Ташболот Балтабаевдин да пикирин билдик эле. Азыр ошого назар салалы:

- Биздин массалык маалымат каражаттарында баңгиликке каршы мамлекеттик идеология болуш керек. Баңгиликке каршы профилактикалык иштерди жүргүзүп, анын кесепеттери, ал эмнеге алып бара тургандыгы тууралуу даректүү фильмдерди, клиптерди жасоо керек. Ушуга көбүнчө жаштар тартылып кетип жатпайбы, ошон үчүн жаштар ошолорду көрүп, аң-сезимине сиңиш керек да. Экинчиден, биз баңгиликти репрессивдик жол менен жеңе албайбыз. Мына азыр чет мамлекеттерде баңгилерди ачыкка чыгарып жатышат. Эгер биз да аларды ачыкка чыгара турган болсок, аларды кылмышкер деген беренеден бошото турган болсок, чоң кадам болот.

Чындыгында баңгиликтин зыяндуулугун билбей, күнүмдүк мода сыяктуу мамиле кылып жатып башы байлангандарын баңгилердин өздөрү да моюнга алышат. Аны Оштогу кабарчыбыз Кожогелди Култегиндин баңгичилердин өздөрү менен болгон маеги айгинелейт. Анда сөз кабарчыбызда.

Кожогелди Култегин:
- Биз адегенде методон менен дарыланып жатышкан Одина аттуу өзбек, Айгүл аттуу кыргыз келиндер менен маектештик.

Одина:
- Муну мен өзүм үйрөнгөн эмесмин. Күйөөм бар эле, ал кан алып жүрүп, бир күнү тишим ооруп жатса «жакшы болот» деп берген. Андан кийин экинчи жолу берди. Ошону менен мен баңгизатка көнүп калдым. Сайынып жүрдүм. Баңгизат жаман, мындан чыгыш кыйын, өлүм менен барабар. Алты жылдан бери өтө кыйналдым. Эч нерсе каалабай каласың, машинадай эле болуп каласың. Машинага бензин куйса жүрөт го, так ошондой.

Айгүл:
- Коммерцияга аралашып, соода кылгам. Кыздар менен тааныштым, бир-эки балдар бар болчу. Биринчи алар менен чектим, анан жыттадык, бара-бара сайындык. Мунун оорусу кыйын.

Мына ушундай туңгүюкка түшкөн адамдарды дарылаш үчүн Кыргызстанда республикалык жана облустарда кадимки диспансерлер бар. Аларда дарылоонун калыптанган ыкмалары колдонулат. Андан тышкары, өз жеке ыкмасы менен дарылаган Жеңишбек Назаралиевдин аты белгилүү. Анын акыркы дарылоо ыкмасы тууралуу кабарчыбыз Чолпон Орозобекованын маалыматын уга кетели:

Чолпон Орозобекова:
- Нарколог Жеңишбек Назаралиев дарылоо ыкмасына эски диний ырым-жырымдарды кошту. Бул ыкмасы менен чет мамлекеттерге чейин белгилүү болуп, АКШ, Орусия , Казакстандан бери аны издеп келип жатышат. Назаралиевдин айтуусу боюнча, баңгиликти адамдын денесинен гана эмес, аң-сезиминен да сууруп чыгыш үчүн диний ырым-жырым коштогон ушул ыкманы ойлоп тапты. Аскетизмге негизделген бул жөрөлгө бир катар диндерде бар. Кечил болуп дүйнө кезип кетчүлөр ушундай баш тартуу убадасын беришкен экен. Бул жөнүндө Жеңишбек Назаралиев мындай деди:

- «Баңгизатты эч качан колдонбойм» деп өзүнө-өзү убада берип, аны катырыш үчүн оор ташты көтөрүп барып Таштаратага ташташ керек. Бул илгертен келе жаткан нерсе.

Американын атуулу Дмитрий Паппас ушул ыкма менен дарыланган эң биринчи баңги болду. Ал салмагы 7-8 кило болгон ташты 25 чакырым алыстыкка көтөрүп барып, Таштарата тоосуна ыргыткан эле. Назаралиевдин ою боюнча, бул мойнундагы оор жүктөн, жаман адаттан арылуу деген кеп.
Назаралиевдин ооруканасында бир ай дарылангандан кийин ал кайра мекенине, Сан-Диегого кайткан эле. Баңгизат деген балээге кайра байландыбы же кутулдубу, азырынча белгисиз.

Бүбүкан Досалиева:
- Албетте, Назаралиевдин ыкмасы менен көбүнчө чет өлкөлүктөр келип дарыланышат. Алардын көбү - колунда бар адамдар. Ал эми колунда жок жана бул ооруну уят көрүп, эч кимге билдирбей, өзүнөн-өзү коомдон бөлүнүп калган адамдарга кандай кам көрүш керек? Бул суроого СПИДге каршы күрөш жүргүзүүчү «Социум» аттуу бейөкмөт уюмдун президенти Батма Элебесова жооп берип, эң ириде мамлекеттик саясатты аныктап, баңгилерди кайра калыбына келтирүү борборлорун түзүү зарылдыгын билдирди.

- Реабилитациялык же консультациялык борбор ачыш керек. Консультациялык борбор болсо жана уялып, «дарыгерлер каттоого алат» деп бизге келбей жаткан адамдарга психологиялык-социалдык колдоо көрсөтсөк, аларга биз чоң жардам кылган болот элек.

Батма Элебесованын айтымында, кийинки кезде мамлекеттик кызматкерлердин балдарынын арасында баңгилик күч алды. Кызматкерлер мамлекеттик саясатты ыраатка келтирүүдөн мурун балдарын тез арада айыктыруучу дарыларды табууну талап кылышат экен.

- Булар бизге кайрылып жатканынын башкы себеби - балдарынан улам. Алар «дары тапкыла же жолун тапкыла, 10 күндүн ичинде бизге жардам берсеңер биз канча акча десеңер да төлөйбүз» деп суранышат. Ал эми проблема кантип чечилет? «Эмнеден башталып атат, патогенези кандай болуп жатат?» деген суроо эч кимисинин башына кирбейт да!

Ал эми айрым саясатчылар, «баңгиликтин башаты мына ошол бийлик башында отургандардын кызыкчылыгына барып такалат, эң ириде мына ошол тамырды кесиш керек» дешет. Андай саясатчылардын бири депутат Ташболот Балтабаевдин ою төмөнкүчө:

- Тартип коргоо органдары менен жогорку бийлик органдарында калканчтары бар. Бул дүйнөлүк практикада белгилүү - ансыз иш жүрбөйт. Ошолор жолду ачып берип, шарт түзүп берип, абдан чоң акча айланып турат да. Ошолорду уюштуруп, анын артынан көп акча таап аткан коррупциялык күчтөргө каршы аеосуз күрөш жүргүзүш керек.

- Ошол аёосуз күрөш жүргүзүш үчүн кандай механизмдерди ишке киргизиш керек деген ойдосуз?

- Менин оюмча, буга элди тартып, маалымдуулукту күчөтүш керек.

Урматтуу угармандар, сиздер «Коом жана турмуш» аттуу маалымат-аналитикалык программабыздын баңгиликке арналган санын уктуңуздар. Аны мен, Бүбүкан Досалиева алып бардым. Саламатта болуңуздар.

Тектеш

XS
SM
MD
LG