Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:41

Бириккен Улуттардын баш катчысы Израил менен Палестинага кайрылуу жасады


Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу планын иштеп чыккан АКШ, Бириккен Улуттар, Европа Биримдиги жана Орусиянын өкүлдөрү кечээ күнү Нью-Йорк шаарында жолуккандан кийин, Израил менен Палестина жетекчилерине кайрылып, аларды ок атышууну токтотууга чакырды. Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннандын айтымында, басылып алынган араб жерлеринде Израил жаңы айылдарды курууну токтотууга тийиш, Палестина болсо террорчулукту ооздукташы керек: "Төртилтиктин мүчөлөрү август жана сентябрда Израилге каршы жасалган террор аракеттерин айыптайт жана палестиналыктардан андай чабуулдарды ишке ашырган адамдар менен уюмдарга каршы алгылыктуу аракет көрүшүн талап кылат". Нью-Йорктон кайрылуу жасалган учурда Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги жөөт айылга арабдар тарабынан чабуул жасалып, бир эркек адам жана кичинекей кыз курман болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG