Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

Кэмп-Дэвидде бүгүн АКШ-Орусиялык бийик жолугушуу башталды


26-сентябр күнү кечинде Вашингтондун алдындагы Кэмп-Дэвидде АКШ менен Орусия президенттеринин бийик жолугушуусу башталды. Жорж Буш жана Владимир Путин эки күн ичинде эл аралык терроризмге каршы күрөшүү, кеңири кыргын салуучу куралды жайылтпоо, Ирактагы абалды калыбына келтирүү, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу, Ирандын өзөктүк куралга ээ болуу мүмкүнчүлүгү жана башка маселелерди талкуулайт. Президент Буштун жардамчыларынын айтымында, ал Путинден - АКШ даярдаган Ирак боюнча жаңы резолюцияны колдоп берүүнү суранат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG