Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

БИРДИКТҮҮ ЭКОНОМИКАЛЫК МЕЙКИНДИКТИ ТҮЗҮҮГӨ РОССИЯ ЭМНЕ ҮЧҮН МУКТАЖ?


Өткөн жумада Ялтада өткөн жолугушууда Россия, Украина, Казакстан жана Белорус Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшту. Келишим төрт мамлекетти товарлардын, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин алмашуусуна шарт түзүүгө милдеттендирет. Бул жобо тейлөө кызматтарына да тиешелүү. Постсоветтик мейкиндикте Евробиримдиктин тажрыйбасын кайталоо биринчи кезекте кимге пайдалуу?

19-сентябрда Россия, Украина, Казакстан жана Белорус ортосунда кол коюлган келишим эң алды бажы тоскоолдуктарын жөнөкөйлөштүрүп, товарлардын, тейлөөнүн түрлөрүнүн, капиталдын жана жумушчулардын эркин алмашуусуна жагдайды ыңгайлайт; келишим темир жол, газ жана электр энергиясынын тарифтерин окшош кылууга же анын өлчөмүн чогуу бычууга милдеттендирет.
Келишим КМШнын башка өлкөлөрү үчүн ачык.

Байкоочуларды бул келишимге Украинанын кошулганы өзгөчө таң калтырууда.
Атактуу америкалык RAND изилдөө борборунун талдоочусу Стефан де Спигельердин айтымында, президент Кучманын келишимге кол коюусуна эки жагдай себеп болгон.

- Өлкөдө жааташуу өтө күчтүү жана Кучма жарандарды өзүнө тартуу үчүн колунан келген мүмкүнчүлүктү толук пайдаланып бүттү. Мындай шартта Россия менен жакындашуу ал үчүн абдан пайдалуу. Ал ички кырдаалды да эсептеп көрдү. Менин оюмча, акыркы мезгилде эл аралык мамилелерде жана интеграция маселесинде ашыкча көктүк менен аракеттенип жаткан Кремль да ага (Кучмага) кысым көрсөттү.

Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти (кыскача аталышы БЭМ) түзүү жөнүндөгү келишимге Украинанын кошулуусуна өлкөнүн экономикалык дарамети да таасир эткени кадиксиз.

Украина, Беларус жана Казакстанды чогуу алганда да, алардын ички дүң продукциясынын көлөмү Россияныкынан төрт эсе аз болот. Ошон үчүн, Кремлде ырасмий Киевди ийге келтирчү буроолору көп.

Евробиримдиктин үлгүсүндөгү жалпы экономикалык мейкиндикти түзүү боюнча Ялта келишимине президент Кучманын кол коюусун украин оппозициясы каршы кабыл алды. Экс-премьер Виктор Юшенко башындагы “Биздин Украина” фракциясы “президент өлкөнүн кызыкчылыгын унутту” деп, саясый партияларды парламентте президентке ишеним көрсөтпөө жараянын баштоого чакырды.
Нааразылык иретинде Украинанын Румыниядагы элчиси Антон Бутейко кызматтан кетти. Тышкы иштер министри Константин Гришенко да Кучманын Ялта келишимине кол коюусун жактабады.

Россия президенти Владимир Путин жана анын жардамчылары үчүн экономикалык жактан эле эмес, саясый жактан да Ялта келишиминин азыр түзүлгөнү абдан маанилүү. Үч айга жетпей өлкөдө парламенттик шайлоо, жарым жылдан соң президенттик шайлоо болот. Мындай шартта, Путиндин командасы үчүн коомчулуктун көңүлүн бура алчу чоң саясый окуя өтө зарыл эле дешет талдоочулар. Ушундан улам, Кучманын өтүнүчү боюнча келишимден мамлекеттер аралык жетектөөчү орган жөнүндөгү жобо алынып салган.
Де Спигельердин сөзүнө караганда:

- Путин айрым өзгөртүүлөргө макул болду жана андан көп деле утпады. Менин пикиримче, Кремлдин төбөлдөрү тышкы саясатта чоң бир өзгөрүш керек деп ойлошту. Албетте, интеграцияны туу кармоо, өзгөчө, өткөн жума күнү биз дагы бир жолу күбө болгондой, эч нерсеге милдеттендирбеген, бирок шайлоочулар алдында Путиндин баркын көтөргөн келишим керек эле.

Лондондук эксперт Алекс Ватанканын байкашынча, Россия, Украина, Белорус жана Казакстан ортолук бирдиктүү чарбалык мейкиндикти түзүүгө Москва экономикалык жактан айрыкча кызыкдар. Путин россиялык ширкеттер бул үч өлкөдөгү ишмердүүлүгүн дагы күчөтөт деп ишенет. Ватанканын айтышынча:

- Россия тарап - Путин жана анын командасы - экономикалык экспансиянын зарылдыгына өзгөчө басым жасап жатканы айкын. Кырдаалга реалдуу жактан карасаңыз, Россияга ирегелеш КМШ өлкөлөрүн тартпай туруп, экономикалык экспансияны кеңейтүү акылга сыйбаган иш.

БЭМди түзүү келишимин Кыргызстандын президенти Аскар Акаев “өтө туура чечим” деп баалады.

Молдова президенти Владимир Воронин Ялтадан Кишиневге кайтып келер замат жасалган билдирүүдө “Молдова азыркы жагдайда КМШдан биротоло чыгышы мүмкүн жана Евробиримдик менен интеграцияланууга аракет жасайт. Себеби, төрт өлкө арасындагы жалпы экономикалык мейкиндикти түзүү КМШны модернизациялоо ишин жокко чыгарат” деп белгиленет.

Грузия жакын арада БЭМге кошулбасын ачык билдирди.
XS
SM
MD
LG