Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:33

КАРЫЛАР ҮЙҮНДӨ БАТКАН КҮН


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстан боюнча төрт карылар үйү бар. Азыр Бишкектеги карылар үйүндө балдары баш тарткан же жакындары жок 300дөн ашык улгайган адам жашап атат. Багар-көрөрү жок кары-картаңдардын турмушу кандай?

Карылар үйүндө үч маал тамак берилет. Ашканада илинип турган тамак-аштын тизмесине көз чаптырдым. Эртең мененкиге - сүткө бышырылган кесме, чай, нан, түшкүгө - буурчак кошулган сорпо, дымдалган жашылчалар, чай, нан, кечкиге – гречкадан ботко, бадыраңдан салат, чай жана нан. Бул күнкү тамактарга эт кошулбаптыр. Карылар үйүнүн башчысы Маргарита Ашимованын айтымында, мамлекет бир адамдын бир күндүк тамагына 31 сом бөлөт. Кээде кайрымдуулук фонддорунан, бизнесмендерден жардам болуп турат. Кемпир-чалдар жаш баладай күлүп, экиден-үчтөн жетелешип короодо басып жүрүшөт. Айрымдары үңүрөйгөн бойдон башын жерге салып, бир орундан жылышпайт. Кай бирлери буту баспайт же таптакыр төшөктөн тура албайт. Бул үйдө ый-күлкү аралаш жашоо. Кечээ эле 70теги кемпирди жерге беришти. Баары буркурап ыйлап узатышыптыр. Короо толгон гүлбакчаны ошол орус кемпир 1985-жылдан бери асырап келаткан экен. Короону көрктөнтүп турган кызыл-тазыл гүлдөрүн айтып бүтө албай эскерип отурушту.

Мындан он жыл мурда карылар үйүндө кыргыздар аз болчу. Азыр болсо кыргыздардын саны 30га жетиптир. Нарындын Жаңыталап кыштагынан келген Касымаалы деген карыя «мурда айылды сагынчу элем, азыр болсо көндүм» дейт.

- Айла жок да башка түшсө…. Мурда айылымды сагынчумун. Азыр болсо эч кимди күтпөй, эч кимди сагынбай калдым. Биякта болгону курсагың тойбогону жаман.

Ал эми Нарын районунун Куйбышев айылынан келген карыя «айла кеткенде арак ичип алаксый баштадым» деп зээнди кейитти. «Көңүлүмдү ачып, өзүмдү алаксытайын деп ичип атам. Он күн болду эле ичпей калганыма, кайра баштадым» деди. «Акталаа районунда жашаган кызым мени эстебей койду» деп капа болду.

Ал эми 85 жаштагы Сабира деген байбичени мындан 7 жыл мурда көрдүм эле. Андагыдан карып, балдакчан болуп калыптыр. Бирок сүйлөгөнү мурдагыдай эле тың. Бүгүнкү жашоосуна ыраазы экен.

- Рахмат өкмөткө, ушундай үй куруп койгон. Болбосо көчөдө калмакмын да. Бул жерде баладай эле терметип багып атышат. Он жылдан бери ушерде жашайм. Жаман бакса эчак өлүп калмак болушум керек.

Сөз арасында «ал кеткен, аны узатканбыз» деп калышат экен. «Эмне, үйүнө кетти беле?» деген сурообуз орунсуз экен. Көрсө, каза болгондорду айтып атышыптыр. Карылар үйүндө каза болгондорду жерге бериш бир нече жылдан бери «Радамант» жеке фирмасынын мойнунда. Карылар үйүнүн жетекчилигин айтымында, жылдан-жылга тагдыры трагедиялуу адамдар келип атат. Мурдараак көбүнүн ал-жайын сурап турчу жакындары болуп, туугандарына мейманга барып турушчу. Эмкилердин болсо көбү жалгыз, сурап келээр, издеп келээр кишиси жок. Издеп келээр баласы же кызы бар, бирок андай үмүттү кучактап далай жылды өткөргөндөрү да бар. Таластык карыя «балам менен жашагым келбейт» дегени менен, көзүндө үзүлбөгөн үмүт.

XS
SM
MD
LG