Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:25

Кемп-Дэвидде бүгүн АКШ жана Россия президенттеринин сүйлөшүүлөрү улантылат. Ак үйдүн өкүлдөрү билдиришкендей, жолугушууда терроризмге каршы күрөш темасы, Ирактагы жана Жакынкы Чыгыштагы жагдай, ошондой эле Ирандын атомдук прогрмамасына байланыштуу маселе талкууланат. Мындан тышкары бейырасмий маалыматтарга ылайык, сүйлөшүүлөрдө чечен проблемасы да козголушу ажеп эмес. Байкоочулар акыркы эки тема Буш менен Путиндин жакшы ымаласына биртке кыйгыл маанай берип коюшу мүмкүн дешет.

Буштун Кемп-Дэвиддеги резиденциясына Путин жума күнү кечинде келди. Эки тарап делегациялардын толук курамындагы сыяпат үстүндө чакан сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, жалпысынан экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жолдорун сөз кылышты. Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибиндеги негизги маселелер бүгүн талкууланат. Алардын арасында, асыресе, терроризм темасы, Ирактагы кырдаал жана Жакынкы Чыгыштагы жагдайды жөнгө салуу проблемасы бар. Мындан тышкары Буш Кем-Дэвидде Путин менен Ирактын атомдук программасын да сөз кылганга камынып жатканын билдирди. Вашингтон буга чейин эле Москва менен Тегерандын ядролук технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыгына камтамачылыгын айтып келген эле. Орус бийликтери болсо мындан кооптоно турган эч нерсе көрбөйт: Москва болгону Иранга Бушердеги атомдук электрстанциясын курганга гана көмөктөшүп жатат.

Лондондук эксперт Николас Редмандын айтымында, Россия баарыдан мурда Иран менен байланышын үзгүсү, соода-сатыгын жоготкусу келбейт. Ошол эле учурда Путин ядролук заттардын Ирандын колуна тийип калышын каалабайт. Эки ачакей ушул позициянын өзү эле көп нерседен шектентет. Ал эми москвалык аналитик Андрей Пионтковский Иран ядролук куралга ээ болгусу келгенин көшөлүп жана кыйла олдоксон түрдө байкатып койгонсуду, ушундан улам Россия да чочулай баштады деп эсептейт. Ошондуктан Ирандын кошумча протоколго кол коюушун Москва бекем талап кылууда. Мындай жагдай Вашингтон менен Москванын позицияларын жакындаштырат, бирок азырынча Тегеран бу жагынан да ийкемдүүлүгүн көрсөтө элек.

Эксперттердин болжолунда, Кемп-Дэвидде тараптар Ирандын атомдук программасы боюнча ушул позицияда туруп аракеттенгенге убадалашат болуу керек. Бирок сүйлөшүүлөрдө Путин үчүн жагымсыз дагы бир тема – чечен проблемасы козголуп калышы ыктымал. Россиялык аттуу-баштуу бир катар укук коргоочулар президент Бушка атайын кат менен кайрылып, бу маселени Путиндин алдына кабыргасынан койгонго чакырышкан эле. Орус активисттери Путиндин тушунда Россияда жалпы эле адам укуктарынын абалы, анын ичинде басма сөз эркиндиги кескин начарлап кетти дешет. Колумбия университетиндеги жолугушууда да орус президентине мындай соболдорго жооп бергенге туура келди. Россияда дегеле сөз эркиндиги болгон эмес,жок нерсени кантип кысмактоого болсун?-деп айтты Путин. Анын ички-тышкы саясатына Михаил Горбачев толук колдоо көрсөтүп, Путиндин саясий оппоненттерин айыптады.

Президент Буш акыркы жолугушуулардын биринде Путинди болгонун болгондой айткан чынчыл лидер деп атады. Эки президент тең өздөрүнүн достук мамиледе экенин жашырышпайт. Кемп-Дэвиддеги сүйлөшүүлөр да, көпчүлүк байкоочулардын айтымында, талкууга коюла турган маселелердин кыйын-кычыктыгына карабастан ушундай маанайда өтөрү кадиксиз.
XS
SM
MD
LG