Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:23

KЫШ КРИЗИСИ, КЫРГЫЗСТАНДЫН МОСКВАДА ӨТКӨН МАДАНИЯТ КҮНДӨРҮ, ОРУСИЯНЫН КАНТТАГЫ АВИАБАЗАСЫ...


26-сентябрда жарык көргөн басылмаларда алдыда турган кыш кризиси, Кыргызстандын Москвада өткөн маданият күндөрү, Орусиянын Канттагы авиабазасы, «Аалам» басылмасын жана укук коргоочу Турсунбек Акунду колдоо пикети сыяктуу темалардагы макалаларга орун берилди.

26-сентябрда жарык көргөн «Кыргыз руху» гезитинде Нурлан Мотуевдин «Кыргызстанга монархиялык бийлик орнойбу?» деген макаласы басылды. Майрам Акаева президенттикке талапкерлигин койсо утаарын, ал дагы 10-15 жыл “түшпөс ханышага” айланаарын белгилеп, автор “бул убакта уулу Айдар Акаев да президенттикке бышып жетилип, так ага өтүп, өлкөдө монархиялык бийлик орнойт», деп божомолдойт. “Президенттикке талапкер болушу мүмкүн деген лидерлер азыртан эле жоошуй баштады”, деп жазат Нурлан Мотуев.

26-сентябрдагы «Аалам» гезити «Майрам Акаева чоң саясатка келбейт» деген Аскар Акаевдин орусиялык басылмага берген жообун басты. Бул басылма «Аскар Акаев президенттик шайлоого катыша алабы?» деп суроо коюп, жооп издейт. “Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети бул маселени карап, “А. Акаев президенттик шайлоого катышууга жана дагы бир мөөнөткө шайланууга укугу жок» деп тапкан. Бирок, Эл өкүлдөр жыйынынын тиешелүү комитети да бул маселени карап чыгып, «Аскар Акаев жаңы Конституцияга ылайык шайлоого катышууга укуктуу» деген бүтүм чыгарганы дайын болду. Кооптуу оюндар ушинтип уланууда», деп жазат Нургазы Анаркулов.

26-сентябрдагы «Агым» гезити да бул темага кайрылып, “1999-жылы да дал ушул Эл өкүлдөр жыйынындагы депутаттар Валерий Диль менен Борис Гогаев Конституциялык Сотко кайрылышып, «Акаев дагы бир шайлоого катышса болот» деген тыянак алууга жетишкенин, эми болсо эки палатанын тыянагы эки ача болуп калгандыгына байланыштуу депутат Дүйшөн Чотонов эми Конституциялык Сотко кайрылып, Чолпон Баековадан калыс чечим күтүп жатканын» жазат.

Ушул “Агым” басылмасында өлкөнүн Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун окурмандардын суроолоруна кайтарган жооптору басылды. Анда ал парламенттик шайлоолор, дин секталары, Акыйкатчынын иш-аракеттери, үй-бүлөсү, өлкөнүн бүгүнкү саясаты жөнүндөгү суроолорго жооп берет. Бул жолу “Жолбүгүн” рубрикасында Алым Токтомушев премьер-министр Николай Танаевдин ишмердүүлүгүн талдоого алат. “Танаев экономиканы башкарган жок, башкалар башкарууда. Анын үстүнө мойнуна аткарылбас социалдык-экономикалык иш-чаралар жүктөлгөн. Өкмөт командасынын ички биримдиги да жок. Президент бул орунду өз мураскерине трамплин катары пайдаланат”, деп жазат Алым Токтомушев.

26-сентябрда чыккан «Бишкек таймс» басылмасындагы маектешүүдө Бишкек ТЭЦинин директору Лев Васильев кышка даярдык тууралуу сөз кылат. “Отун кору аз, Өзбекстан менен газ алуу боюнча кагаз жүзүндө келишим жок, ТЭЦтин ремонт иштери ойдогудай болбоду, жумушчуларга 28 млн. сом айлык үчүн карыз, алар 4 айдан бери айлык алыша элек жана мыкты адистер кетип калышты” дейт Лев Васильев. Бул темага “Ааламда” Кубанычбек Сейдалиев да кайрылып, өлкөнүн кышка даярдыгы начардыгын, мектептердин 17% гана көмүр менен камсыз болгонун, чек арадагы кайгуул бекеттеринде көмүрдүн жоктугун, Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук берүү борборлорундагы ремонт иштери начар жүргөндүгүн баяндайт. “Бишкек таймс” басылмасы жакында электр энергиясынын баасы жогорулашы мүмкүн экендигин, акча которулбагандыктан 500 униформа гана даяр болгонун, Кыргыз темир жолундагы жүктөр аткезчилик менен ташылып жатканын, айрым оуку жайларынын бүтүрүүчүлөрү дипломсуз калганын жазып чыкты.

26-сентябрдагы “Кыргыз туусу”, “Эркин тоо”, “Кутбилим” басылмалары, «Слово Кыргызстана» гезитинин «В конце недели» жумалыгы президент А.Акаевдин Орусиядагы иш сапары, Москвадагы Кыргызстандын маданият күндөрү жөнүндөгү макалалар түрмөгүн басышты. «Кыргыз туусу» жана «Эркин тоо» басылмалары «Аскар Акаев - эл аралык деңгээлдеги интеллектуал. Кыргызстанды «академиктердин өлкөсү» деп аташат» деген Орусиянын президенти Владимир Путиндин сөзүн тема катары пайдаланышты. «Эркин тоонун» кабарчысы Айчүрөк Макешова Майрам Акаеванын «Үмүттүн шооласы өчпөйт» аттуу китеби «дүйнөлүк аренада чагылгандай тездик менен жылуу кабыл алынып жаткандыгын» белгилеп, «дүйнө жүзүн дүңгүрөткөн Чыңгыз Айтматовдон кийин, бүгүн дүйнөлүк аренада Майрам Акаеванын чыгармалары дүңгүрөп жатат, дүңгүрөп!» деп жазат.

26-сентябрда «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын «Демократ» басылмасынын жаңы саны окурмандарга жетти. Мында коалиция менен өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын биргелешип өткөргөн конференциясы, Коалициянын директорлор кеңешинин бешинчи отуруму жана Юстиция министрлиги коалицияны кайра каттоодон өткөрбөй жаткандыгы жөнүндө жазылат.

Ал эми жума күнкү «МСН» гезити болсо Орусиянын Канттагы авиабазасы келишим боюнча 15 жыл жана андан да узак убакыт турушу мүмкүн экендигин, базада кандай үлгүдөгү учактар болоорун жазды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG