Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Кыргыз ишкерлери Аскар Акаевден дагы бир президенттик мөөнөткө ат салышуусун өтүнүп жатышат.


БИШКЕК. Кыргыз ишкерлери президент Аскар Акаевден дагы бир президенттик мөөнөткө ат салышуусун өтүнүштү. Бул чакырык менен кыргыз ишкерлери Ишкерлер Ассоциациясынын Курултайында чыгышты. 700дөй киши катышкан курултайга президент Аскар Акаев келди. Ассоциациянын башкы директору Сергей Воронин Акаев реформаларды жүргүзүүдө бир топ иштин өтөлүнө чыга алганын, бирок алдыда дагы көптөгөн маселелер тургандыктан, Акаевдин президенттик кызматта калуусу маанилүү экенин билдирди. Кыргыз Конституциясы боюнча, атуул эки гана мөөнөт катары менен президент боло алат. Акаевдин экинчи мөөнөтү 2005-жылы соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG