Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Казакстан менен Орусиянын чек арасы чума чыкканына байланыштуу карантинге жабылды.


ОМСК. Казакстанда чуманын коркунучтуу түрүнөн бир киши өлгөнүнө байланыштуу, Орусия менен Казакстандын Омск облусуна чектеш узундугу бир миң километрден ашык чек ара тилкеси карантинге жабылды. Омск шаарынын башкы санитардык дарыгери Юрий Басов Орусияга Казакстандан келип жаткан адамдардын баарын атайын медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү буйурду. Чуманын белгилери бар кишилер башкалардан бөлүнүп, кошумча текшерүүдөн өткөрүлөт. Өткөн жайда Казакстанда чыккан чумадан бир нече киши каза болду.

XS
SM
MD
LG