Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:24

Иракта америкалык аскерлер эки карапайым атуулду өлтүрүп салышты.


БАГДАД. Иракта америкалык аскерлер эки карапайым жаранды өлтүрүп, дагы төртөөнү жарадар кылышты. Бул жөнүндө АКШнын Ирактагы аскердик жетекчилиги билдирди. Командачылыктын маалымдашынча, америкалык аскерлер аскердик постко токтобой өтүп кеткен машинеге ок ачышкан. Карапайым ирактыктар ок атуудан беш киши курман болгонун айтып жатышат. Багдадда бүгүн америкалык аскерлер жана жөнөкөй америкалыктар жашаган мейманканага граната ыргытылды. Андан эч ким жабыркаган жок, бирок имаратка олуттуу зыян келтирилди. Анын аралыгында, Ирактагы аскерлерди дем алышка чыгаруу максаты менен АКШ Иракка дагы 15 миң солдатты жибергени жатат. АКШнын коргоо министрлиги жакынкы эки жумада он миң солдат мобилизацияланып, дагы беш миңи жогорку аскердик даярдыкка келтириле турганын айтып жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG