Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Б.Шапиронун китебине каршы доо арыз октябрдын башында каралмак болду


БИШКЕК. Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Жашоонун сергек мүнөзү» аттуу китепке байланыштуу сот ишинин алгачкы отурумун 6-октябрда баштайт. Бул тууралуу бүгүн доогер, Кыргызстан элининин абийирин жана арнамысын коргоо комитетинин төрагасы Акин Токталиев билдирди. Анын доо арызы «СПИД» бирикмесинин башкы директору Борис Шапиро жетектеген автордук топ жазган окуу китебине байланыштуу берилген. Акин Токталиев «жугуштуу илдеттердин алдын алуу жана сактануу жолдорун белгилеген усулдук окуу китеби кыргыздын менталитетине кайчы келет» деп эсептейт. Ошондуктан ал жоопкер тарапты 5 млн. сом өлчөмүндө айыпка жыгууну соттон өтүнүүдө. Жоопкер тараптын катарына ал үч автордон тышкары «Веста», «Лига ЛТД» басмаканаларын жана Саламаттык сактоо, Билим берүү жана маданият министрликтерин кошту. Бирок китептин башкы автору Борис Шапиро мындай аракет илдетке каршы күрөшкө тоскоолдук кылат деген ойдо. Ал эми Билим берүү жана маданият министрлигинин маалыматына караганда, 1999-жылы мурдагы жетекчиликтин уруксаты менен чыккан бул китепти министрликтин азыркы жетекчилиги мектептерде окутуудан алып таштаган.

XS
SM
MD
LG