Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

«Фридом Хаус» уюму кыргызстандык журналисттин өз ажалынан өлгөнүнө ишенбей турганын билдирди


БИШКЕК. Журналист Эрнст Назаловдун өлүмүнө байланыштуу Кыргызстанда көз карандысыз иликтөө жүргүзүлүшү керек. «Фридом Хаус» уюму жакында тараткан билдирүүдө ушундай сунуш айтылат. Билдирүүгө караганда, «Кыргыз руху» гезитинде иштеген бул журналист жогорку кызмат адамдарынын коррупцияга катышы тууралуу журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп келген. Журналисттердин Оштогу ресурстук борборунун маалыматы боюнча, Э.Назалов өлөөрдөн эки күн мурун белгисиз эки адамдан таяк жеген жана документтерин алдырып жиберген. Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкуловдун бүгүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда, журналисттин киши колдуу болгонун аныктаган белгилер табылган эмес. «Азыр бул маселе боюнча атайын иликтөө тобу иштеп жатат», - деп билдирди Ж. Бусурманкулов.
Журналист Эрнст Назаловдун сөөгү 15-сентябрда Ош облусунун Карасуу районунун аймагындагы агын суудан табылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG