Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:15

Ишкерлер ассоциациясынын II курултайында президент А.Акаевди дагы бир мөөнөткө шайлоо демилгеси көтөрүлдү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Ишкерлер ассоциациясынын II курултайы болду. Ага өлкө башчысы Аскар Акаев жана премьер-министр Николай Танаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, 650дөн ашуун ишкерлер катышты. Президент өз сөзүндө өлкөдөгү ишкерлердин азыркы абалы жана келечеги тууралуу маселелерге токтолду. Ал ишкердикти өнүктүрүүдө аймактык биримдикти, маалымат борборун, жогорку деңгээлдеги бизнести, башкаруу чөйрөсүн түзүп, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга мезгил жеткенин белгиледи. Ал эми жоопкерчилиги чектелген «Жаңы соода технологиясы» коомунун жетекчиси Сергей Воронин «Кыргыз ишкерлери Аскар Акаевдин баштаган реформасын аягына чыгарыш үчүн дагы 5 жылдык мөөнөт менен президент болуп шайланышын колдойт» деп билдирди. «Биз, курултайдын катышуучулары, биздин мамлекетке дагы 5 жыл президенттик мөөнөткө калаарыңыздан үмүтүбүз бар жана суранабыз», - деди Сергей Воронин. Кыргызстандын Ишкерлер ассоциациясы Ишкерлер бирикмеси болуп кайрадан түзүлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG