Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

БИШКЕКТЕ ИШКЕРЛЕР АССОЦИАЦИЯСЫНЫН II КУРУЛТАЙЫ ӨТТҮ


Сапар Орозбаков, Бишкек Ишемби күнү Опера жана балет театрында Кыргызстандын Ишкерлер ассоциациясынын II курултайы болуп өттү. Ага президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, өкмөт мүчөлөрү, депутаттар жана жер-жерлерден келген 650дөй ишкер катышты.

Курултайды Ишкерлер ассоциациясынын президенти Жыргалбек Сурабалдиев ачып, анда президент Аскар Акаев жарым сааттан ашык сөз сүйлөдү. Өлкө башчысы өз сөзүндө 2 жылдан бери Ысыккөлдө өткөрүлүп жаткан инвестициялык саммиттин алкагында ишкерлердин натыйжалуу иштешине зарыл шарттарды түзүү боюнча көп жумуш жасалып жатканын белгиледи.

- Мамлекеттик башкаруу органдарынын аракети ишкерликке өбөлгө түзүүгө, экономиканын өнүгүшүнө зарыл кызмат көрсөтүүгө ыктап баратат. Бирок реалдуу сектордун азыркы абалы биздин максаттарга шайкеш келбейт. Бул жүргүзүлүп жаткан реформаларды көп өңүттөрү боюнча түп-тамырынан бери өзгөртүүгө мажбурлайт, - деди Аскар Акаев. Президент «өлкөдө ишкерликтин өнүгүшүнө жолтоо болуп жатат» деп мамлекеттик стандарттардын эскилигин, лицензиялардын жана текшерүүлөрдүн көптүгүн атады.

- Текшерүүгө байланыштуу маселелер көп жылдардан бери күн тартибинен чыкпай келет. Акыркы жылдары ишкерлердин ишине мамлекеттик органдардын интервенциясын чектөөгө жетиштик. Бирок ТАСИС долбоору аркылуу Кыргызстандын 3000 ишкерин сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, кескин бурулушка жетише элекпиз, - деди Аскар Акаев. Ал өлкөдө ишкерлер пайдалана турган кредиттик ресурстар көп экенин, бирок алардын үстөк пайызы жогору болуп, көпчүлүк ишкерлер аны пайлана албай жатышканын белгиледи.

Президент ишкерлерди маалымат технологиясын кеңири колдонууга, өлкөнүн тышкы экономикалык стратегиясын иштеп чыгууга активдүү катышууга, регионалдык экономикалык бирикмелердин жана Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдаланууга чакырды.

- Эмне эле биз кошуна өлкөлөргө байланып калдык? Алыскы өлкөлөр жөнүндө да ойлонолу. Мен Израилди мисалга келтирейин. Израил ондогон жылдар бою экономикалык блокадада калган болчу. Ал да биз сыяктуу өзүнүн товарын жер үстүндөгү транспорт менен – темир жол транспорту менен да, автомобиль транспорту менен да алып чыга албай калган. Алар аба транспорту менен алып чыга турган продукция өндүрүүгө өтүшкөн, - деди Аскар Акаев.

Жыйында Ишкерлер ассоциациянын президенти Жыргалбек Сурабалдиев отчеттук доклад жасап, жер-жерлерден келген ишкерлер сөз сүйлөштү. Айрым ишкелер - мисалы, «Азыркы соода технологиялары» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Сергей Воронин, «Келечек» акционердик коомунун башкы директору Келдибек Туманов -президенттен дагы бир мөөнөт иштеп берүүнү суранышты.

- Бардык тармактарда экономика стабилдешип, өргө жылып барат. Андан ары экономиканын өнүгүп кетишине ким кепил боло алат? Менин оюмча - сиз, Аскар Акаевич. Ошондуктан дагы бир мөөнөт иштеп беришиңизди түштүктүн ишкерлеринин атынан суранам, - деди Келдибек Туманов. Жыргалбек Сурабалдиев Аскар Акаевди неберелүү болушу менен куттуктады.

Ишкерлер өздөрүнүн ассоциациясын бирикме кылып кайра түзүштү. Ошого байланыштуу алар бирикменин уставына өзгөртүү киргизишти. Курултайда айрым ишкерлерге сыйлык тапшырылды. «Келечек» акционердик коомунун башкы директору Келдибек Туманов жана «Акун» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Чыныбай Турсунбеков «Даңк» медалы менен сыйланышты.

XS
SM
MD
LG