Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:02

КЕМП-ДЭВИДДЕ СҮЙЛӨШҮҮЛӨР АЯКТАДЫ


http://gdb.rferl.org/1159BD3D-3407-4385-A6FB-375639D093B4_w203.jpg --> http://gdb.rferl.org/1159BD3D-3407-4385-A6FB-375639D093B4_mw800_mh600.jpg Кемп-Дэвидде кечээ АКШ жана Россия президенттеринин сүйлөшүүлөрү аяктады. Журналисттер үчүн өткөрүлгөн пресс-конференцияда эки президент тең терроризмге каршы күрөштө Вашингтон менен Москва союздаш экенин ырасташты.Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарына баа берип, Буш да, Путин да аны өтө пайдалуу жолугушуу катары аташты.Ошол эле учурда байкоочулар Кемп-Дэвидде Ирандын жана Түндүк Кореянын атомдук программаларына байланыштуу талаш-тартыштарды толук чечкенге мүмкүн болбогондугун белгилешти.

Буш пресс-конференциядагы сөзүндө баарыдан мурда Вашингтон менен Москва жаңы типтеги эки тараптуу мамилелерди түзүүдө чоң прогресске жетишкенин белгиледи. Терроризмге каршы күрөштө АКШ менен Россия – союздаш, деп айтты Буш. Эки өлкө тең террорчулардын азарын тартты, эки өкмөт тең алардын чарасын тапканы күрөшүп жатат. Террорду эчтеме менен актоого болбойт, деп билдирди америкалык президент. Кайсы жерде болбосун, анын ичинде Чеченстанда да аларга сокку уруу зарыл. Региондогу кырдаалды жөнгө салуу үчүн Буш террорду токтотуу менен бирге адам укуктарын урматтоо жана эркин, адилет шайлоо өткөрүү керек деп эсептейт.

Орус президенти Путин бул ойду колдоду. Террорго каршы күрөштө биз тек гана өнөктөш эмес, союздашпыз, деп айтты ал. Эки өлкөнүн тийиштүү мекемелери бардык маселелерде, анын ичинде жаңы террордук акцияларды алдыналуу жагынан ачык-айрым, профессионалдуу деңгээлде ийиндеше иштеп жатат.

Сүйлөшүүлөрдө Ирандын жана Түндүк Кореянын атомдук программаларына байланыштуу да проблемалар талкууланганын ырастап, Буш тараптар Тегерандан ядролук курал-жарактарды таркатпоо келишиминде каралган милдеттенмелерин толук өлчөмдө аткарууну, ал эми Түндүк Кореяны өзүнүн атомдук курал-жарак программасын түгөл бойдон,ачык жана кайра жангыс мүнөздө токтотууга чакырганын билдирди.

Өз кезегинде Путин Ирандын же башка бир өлкөнүн ядролук куралга ээ болушуна Россия таптакыр таламдар эместигин ырастады. Биздин оюбузча, деп айтты орус президенти, Иранга МАГАТЭ менен кызматташтыгын улантуу жана кеңейтүү зарылдыгы жөнүндө таасын, ошол эле учурда сый-сыпаттуу ишаара кылган абзел. Ал эми Түндүк Кореяда, Путиндин кебине ылайык, жаңжалдуу кырдаалды жандыруу үчүн сүйлөшүүлөрдүн маанайын жакшыртуу зарыл. Путин ошондой эле БУУнун коопсуздук кеңеши тийиштүү резолюция кабыл алган соң Россия Ирактагы кайра куруу иштерине кандай өлчөмдө жана формада катышарын аныктап чыкканга даяр экенин да бышыктады.

Эки президент өздөрүнүн Кемп-Дэвиддеги сүйлөшүүлөрү үзүрдүү болгондугун ырасташты. Путиндин баамында, бул жолку талкуу-таңаш өтө пайдалуу болду. Ал эми Буш муну чоң маанидеги баарлашуу деп атады. Иракка байланышкан талаштар да эки өлкөнүн, эки президенттин мамилелерин салкындата алган жок, деп билдирди Буш.

Деген менен айрым байкоочулар Вашингтон менен Москва Иранга жана Түндүк Кореяга байланыштуу пикир келишпестиктерин толук четтете алышкан жок деп эсептешет. Бул президенттердин пресс-конференциядагы сөздөрүнөн да байкалды.
XS
SM
MD
LG