Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

КАНЫКЕЙДИН МУКАМ ДҮЙНӨСҮ


Өткөн ХХ кылымдын 60-жылдарынан бери сахна төрүнөн түшпөй, мукамдуу обондору, булбул таңшык үнү менен угармандардын руханий дүйнөсүн асылдантып келе жаткан шайырлардын бири – композитор, ырчы-аткаруучу, республиканын эмгек сиңирген артисти Каныкей Эралиева. Ал бүгүнкү күндө 100дөн ашык обондордун, ар кандай жанрдагы чыгармалардын, обондуу эки ырлар жыйнагынын автору.

Каныкей Эралиева, Атайбек Бөдөшев… Бул эки ысымды кыргыз угармандары ордо калаадагы музыкалык окуу жайында бир партада отурушуп, бирге окуп жүрүшкөндө баш кошкон кутмандуу үй-бүлө, көп жактуу шыктагы таланттуу композитор, обончу, ырчы, баянчы, аккордеончу, аткаруучу катары жакшы билишет. Каныкей 1956-жылдын 9-январында Бишкек шаарында туулат. Атасы акталаалык болгондуктан, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү Акталаанын Дөрбөлжүн айылынан алат. Ал эми Каныкей студенттик үй-бүлөдө төрөлгөндүктөн, бармактайынан Ысыккөл районундагы Кожояр айылында жашаган тайенеси (кийин «апа» деген) Калыйчанын колунда өсөт. Кийин Каныкей «апа» деген Калыйча менен Балыкчы шаарында жашайт. Мектеп босогосун аттайт. Баса, Каныкейдин атасы комузду таңшыта черткен чертмекчи, энеси созолонто ырдаган ырчы экен. Ошол себептенби, Каныкейдин поэзияга, ырга, күүгө болгон шык учкуну эрте жанат.

Ал 1976-жылы Бишкектеги М. Күрөнкеев атындагы музыкалык окуу жайынын баян классын, 1983-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун композиция бөлүмүн композитор, эл артисти А.Жаныбековдун классынан бүткөн. «Айыл кечи» (А.Бөдөшов менен бирге), «Коңур күздөгү кусалык» аттуу обондуу ырлар жыйнактарынын, 100дөн ашык ырлардын, 4 бөлүмдөн турган симфониялык оркестр үчүн жазылган сюитанын, чоң шыгыр жана оркестр үчүн кантатанын, скрипка, виолончель, фортепиано үчүн вариациялардын, күүлөрдүн автору. Түркияда, Германияда, Францияда, Австралияда, Пакистанда гастролдо болуп, мукамдуу обондору, булбул таңшык үнү менен бейтааныш угуучуларды шерденткен.

- Каныкей айым, алгачкы чыгармачылыгыңыздын башатын канча жашыңызда баштадыңыз эле? Эмнеден баштадыңыз эле, аспапта ойноодонбу, ырдоодонбу же обон чыгарууданбы?

- Менин эң алгачкы чыгармачылыгым мектеп босогосун аттап, тамга тааныгандан башталды. Дептеримдин чекесине уйкаш болсо да, болбосо да ырларды жаза берчүмүн. Кийин 3-4-класстарда окуп жүргөндө кандай гана маңыздагы обондорду, ырларды укпайын, шак илип алып, ошол замат кайра-кайра ырдай берчүмүн. Ошентип, классымдын биринчи ырчысы аталдым. Ушундан улам ырчы, обончу болуп калдым го дейм. Ошентип, мен обончулукка 4-класстан баштап кириштим. Алгачкы угуучулардын алдына «Бөбөктөр», «Тууган жер», «Биз тоонун балдары» аттуу обондорумду аткарып, ырчы-обончу катары таанылдым.

- Баян менен аккордеон тартканды кимден үйрөндүңүз?

- Мен төрөлгөндө ата-энем студент экен. Алар төрөлөөрүм менен мени таенеме беришиптир. Кийин тилим «апа» деп чыкты. Ошол күндөн азыркыга чейин таенемди «апа» деп келем. Балалыгымдын бактылуу күндөрү көгүлтүр Ысыккөлдүн жээгинде өттү. Апам музыка жандуу эле. Ошондуктан мага айылдагы гармошка, баян, аккордеон тарткандардын аспаптарын сурап келип «тарт, үйрөн» дечү. Ал эми баянды, аккордеонду бир тууган жээнибиз Турдубек Чокиевден үйрөндүм. Ал кыяк тартса тартам, ырдаса ырдайм, обон чыгарса обон чыгарам. Ал эмне кылса, ошону туурай берчүмүн. 1960-жылдан тартып обон чыгара баштадым. Алгачкы чыгармаларым китеп, мугалимдер жөнүндө болду. Себеби, ал кездеги талап боюнча окуучулар лирикалык сүйүү ырларын чыгарууга, ырдоого болбойт эле.

- Кыргыз музыкасынын тарыхына көз чаптырсак, эки таанымал шайырдын бир үй-бүлөдө жашашы, бир казанда кайнашы - өтө эле сейрек көрүнүш. Бири-бириңиздерге чыгармачылык атаандаштык барбы же жокпу?

- Экөөбүздө бири-бирибизге эрегишкен атаандаштык жок. Атайбек да, мен да айкөл адамдарданбыз. Жакшы чыгарма жазсак, энебиз эркек төрөгөндөй кубанычтын кучагына батабыз. Начар чыгарма жазсак, аябай сындашабыз. Оңдойбуз. Анан калкка алып чыгабыз. Менимче начар чыгарма жазууга акыбыз жок.

- Сиздин обончулук, ырчы-аткаруучулук чыгармачылыгыңызга көз чаптырсак, обон чыгарбаган, ырдабаган тема жоктой туюлат. Алардын ичинен айрыкча арыбаган, карыбаган, ар дайым жаш махабат темасына көп кайрылыпсыз. Акыркы кезде чыгарган «Ырдалып бүтпөйт махабат» аттуу дуэтиңизди кандайча чыгардыңыз эле?

- 1996-жылы Ошко чыгармачылык сапарга жол тарттым. Акын Надырбек Алымбеков менен учакта чогуу учуп калдым. Агай жаңы эле басмадан «Ырдалып бүтпөйт махабат» аттуу ырлар жыйнагын чыгарыптыр. Белекке китебин жазып берди. Жыйнактын биринчи бетин ачсам «Ырдалып бүтпөйт махабат» аттуу ыр менен ачылат экен. Дароо эле окуп чыктым. Жагып калды. Агайга «обон чыгарса болчудай ыр экен» десем, «жакса обон жаз» деди. Бат эле обон да чыкты. Ырдап чыктым. Элге жагып, угармандар ырдап кетээрин ойлогон да жокмун. Ошентип, күтүлбөгөн жерден сөзү табылып, ойлонбогон жерден обону жазылган ырымдын жолу шыдыр болуп, бактысы ачылды.

- Каныкей айым, бүгүнкү тажрыйбалуу, таанымал композитор, ырчы катары азыркы кездеги кыргыз обондору, ырчылары жөнүндө жеке оюңуз кандай?

- Кыргыздардын азыркы жаш таланттарынын баарын начар дешке болбойт. Алардын арасында жылт эткендери, изденип жаткандары бар. Бирок көпчүлүк жаш шайырлар аткарышкан чыгармаларынын сөзүнө, обонуна маани беришпейт. Алар «бүгүнкү күндүн ыры» дешип, бир күндүк гана ырларды, обондорду аткарышат. Телевизордон аябай кооз кийинген, үндөрү начар, аткаруучулук чеберчилиги төмөн, сахналык тажрыйбасы жок ырчы сөрөйлөрдү көрүп, телевизорду башка каналга буроого аргасыз болосуң. Менин оюмча, азыркыдай көңүл коштук кылсак, кыргыздын нукура элдик музыкасынан кол жууп калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан жетекчилерибиз тезинен «Телибай тентек» аталган шайырларды теске салышы зарыл.

- Рахмат, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
XS
SM
MD
LG