Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

ЧОЛПОНБЕК БАЗАРБАЕВ: МЕТЕОРДОЙ ӨТКӨН ӨМҮР


Көчкөн Сактанов, Бишкек “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» деп Аалы Токомбаев айтып кеткен экен. Бийчи Чолпонбек Базарбаевдин элине берип кеткен эмгеги кыргыз журтчулугунда унутулбай турган болуп калды.

Чолпонбек Базарбаевди билген жамы журт аны бийдин зор чебери эле эмес, кыргызча, орусча сүйлөө жагынан алдына эч кимди чыгарбаган чечен катары да билчү. Биздин билишибизче, ал кай жерде иштебесин, кай жерде жүрбөсүн, өтө кичипейилдиги, жөнөкөйлүгү менен айрымаланчу. Адамдын адамдыгын адатта жубайы гана жакшы билсе керек. Анда сөз Чолпонбектин жубайы Надежда Базарбаевада.

- Театрга келгенден баштап солдук партияларды бийлей баштады. 1974-жылы «Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген артист» деген наамды алды. Андан кийин 1978-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти, ал эми 1982-жылы СССРдин эл артисти болуп, чоң даражага жетти, - дейт аялы Надежда Базарбаева.

Чолпонбектин бий өнөрүндөгү өзгөчө таланты М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында эле даана байкалган. Аткаруучулук манерасы ийкем денесине шай келип, техникасы, сахнадагы пластикасы, андан да ажарлуу өңү-түсү сөзсүз түрдө Москвадан окууга шарт түзгөн. Москвада ал айтылуу Чоң театрдын педагогдору Варламов менен Никоноровдордун көзөмөлүндө болуп, балет мектебинин аткаруучулук зор маданиятын көрсөтө алган. Мына ошол үчүн ал жаш артисттердин 1976-жылы Минскиде өткөн бүткүл союздук фестивалында классикалык балет боюнча эң мыкты аткаруучулардын катарына кирген. Ушундан кийин ал чоң искусствого жолдомо алып, Айсулуу Токомбаева экөө Манила шаарына чакырылып, «Баядерка» балетинин баш ролун аткарышкан. Базарбаевге ошол эле жерде Манила шаарында калып иштөөнү сунуш кылышкан. Бирок ал өз элинин патриоту катары өз мекенинде калып иштөөнү туура тапкан.

- Тим эле оозу кургап калганга чейин иштечү, - дейт маркумдун жубайы. - Мен буга өзүм таң калчумун. Мен да ага дайыма жардам берчүмүн. Ал өзү да «Надя, эгер мен жактан туура эмес нерсе болсо айта бер, сенден башка мага эч ким чындыкты айтпайт» дечү. Эми балетте адам өзүн кыйнабаса эч нерсе чыкпайт. Азыр анын мындай чоң аракетин эстесем, аябай эле туура экен. Азыркы балдарды көрүп, алардын жалкоо экенин көп байкайм. Ошол кезде да Москвада укмуштай бийчилер бар экен. Чоң театрда Васильев, Максимов, Бессмертнова жана башкаларды көрүп, жаман бийлеш Чолпонбек үчүн кечиримсиз болчу. Дайыма Москвага командировкага, стажировкага барып, дүйнөлүк бийчилердин сабагын алчу. Тутунган пири Васильев эле. Бишкекке келип аны жасабагандар толуп атат, бирок Чолпонбек антчү эмес. Ал бүт сабактарын жазып алчу. Жаттачу. Кээде театрдан артисттерге келип сабак өтчү. Ошондо москвалык устаттардын мектебине таянчу.

- Базарбаев күтүлбөгөн жерден маданият министри болуп калбадыбы. Ошондо өзүн кандай сезди?

- Бир күнү эле чакырып калышты, Өкмөт Үйүнө. Апас Жумагулович түз эле айтыптыр, «министр болосуң» деп. өзү да таң калып калды. Билген да эмес, ойлочу да эмес, аракет деле кылган эмес, жөн эле жүргөн. Башына кар түшкөндөй эле болуп калды. Шайлоодон өтүп, министр болуп калды. Төрт жылга жакын иштеп, көп маданий иштерди өтөдү. Мисалы, «Манас-1000» эле канчага турат!

- Министр болуп турганда маданий кызматкерлерге жакшылык кыла алдыбы?

- Аларга «Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген» деген наам алып бергени эле канчага турат. 125 киши наам алды. Бул чоң жакшылык.

- Ал үйдө ата катары, дос-жоро катары кандай эле?

- Менсиз эле аны эл жакшы билсе керек. Министр болдубу, башка болдубу, өзүн эч билдирчү эмес. Ал өзү баарына тең карачу. Ал үчүн пол жуугучпу, же башкабы - баары бир эле. Үйдө деле ушундай болчу.

Чолпонбек Базарбаев жубайы Надежда менен 8 жашында таанышып, экөө М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында бирге окуп, кийин баш кошушкан. Надежда анын талантын учурунда дароо көрө билип, айдаган машинасы күтүүсүздөн аварияга учурап, каза болгонго чейин, өмүр бою, жубайы эле эмес, насаатчысы катары да көп милдет өтөгөн.
XS
SM
MD
LG