Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:27

Россиялык учактар Грузиянын аба мейкиндигин кайрадан буздубу?


Россиянын аба күчтөрү россиялык аскерий учактар кечээ кечинде Грузиянын аба мейкиндигин бузду деген ырасмий Тбилисинин ыйыптоосун четке какты.
Грузиянын чек ара кызматынын өкүлү Шалва Лондаридзенин маалымдашынча, Россиянын “Су-25” согуштук учагы өлкөнүн түндүгүндөгү Панкиси өрөөнүнүн үстүнөн 10 мүнөт айланып учуп, кийин чыгып кеткен. “Бул россиялык учактардын жыл башынан бери Грузиянын аба мейкиндигин 40 жолу бузушу”,- деп белгиледи ал.
Бирок, Россия аба күчтөрүнүн өкүлүнүн ИНТЕР ФАКС агенттигине айтышынча, россиялык учактар бул аймактан ишемби күнү деле учкан эмес.
Кремль буга чейин чечен жикчилери Панкиси өрөөнүн баш пааналап жүрөт деп Грузияны көп ирет күнөөлөгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG