Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:56

Ооганстанда кандуу булоон уланууда


Ооган бийликтеринин кабарлашынча, шектүү исламчылар өткөн түнү өлкөнүн чыгышындагы Нангахар провинциясындагы Шага кыштагындагы кыздар мектебин өрттөп кетишти.

Ооган бийликтери бүгүн Нангахарлык лашкер башчы Гулбиддин Хекматиярга караштуу аскерлерди коңшулаш Жалалабад провинциясында кыз балдардын мектепке баруусун токтотууга жана Ооганстандагы америкалык күчтөргө каршы жихадга чакырган баракчаларды таркатышты деп күнөөлөштү.

Түштүк Чыгыштагы Хост провинциясында өткөн түнү белгисиз бирөөлөр АКШлык аскерлердин базасына беш жолу ракета атышты.

Улуттар Уюму өткөн жумада түштүктөгү Хелманд провинциясында уюмдун эки ооган кызматкерин өлтүрүүнү “согуштук кылмыш” деп жектеди жана бул окуя - байтак шаар Кабулдан тышкары жактарда коопсуздукту чыңдоо зарыл экенин тастыктайт деп билдирди бүгүн.

Хелманд вилайетинин жетекчилигинин маалымдашынча, өткөн түнү талиб аскерлери деп шектелген куралчандар провинция губернатору Шер Мухаммед Ахунзаданын жети күзөтчүсүн буктурмага алып өлтүрүшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG