Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

Жаңы Шайлоо кодексинин долбоору октябрдын башында Жогорку Кеңештин кароосуна берилгени калды


БИШКЕК. Шайлоо кодексинин жаңы долбоору октябрь айынын башында Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталат. 26-27-сентябрда Ысыккөлдө өтүп, Борбордук шайлоо комиссиясынын, саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышкан жыйында ушундай чечим кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» ошол жыйындын демилгечилеринин бири болгон «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын өкүлдөрү маалымдашты. Алардын айтымында, Ысыккөлдөгү жыйынга катышкандар мыйзам долбоорунун айрым талаш маселелери боюнча бир пикирге келишти.

XS
SM
MD
LG