Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

АКЫН ГҮЛЖАМИЛА ШАКИРОВАНЫН ПОЭЗИЯСЫНА СҮРТҮМДӨР


Акын Гүлжамила Шакированын поэзиясы өмүр, Мекен, жашоо, махабат жайын, негизинен адамдын жан-дүйнөсүн ырдап, көп кырдуу. Ой кубалаган кыска да, нуска саптары сарамжал, терең.

Акындын «Сапардагы каркыра», «Дилазык» ыр топтомдору бар. Анын поэзиясы окурмандын жан-дүйнөсүнө дил азыгын тартуулап, ыр сызылткан сезимдин тазалыгы, чынчылдыгы менен көңүл кирин жууй алгыдай. Мисалы:

«Кайрыба ак куулардын канаттарын,
Ал менин жазыла элек барактарым».

«Түйшөлүүдөн жылдыз санап отурсам,
Түндүн ырын мен ырдабай, ким ырдайт…»

«Кайнак сүттөн көтөрүлгөн көбүктөй,
Көз алдымда өсүп барат ушул доор», деген мукам саптары жүрөк тилип, көңүлдү ойго малат.

Акын Гүлжамила Шакированын «Кереги эмне өлгөн соң» аттуу ырынан:

«Келгичекти оо дүйнөнүн сурагы,
Тирүүлүктүн добулбасын уралы.
Жанга кубат ушул эле көрүнөт,
Жакшы сөздү мүрөк суудай суналы.

Мактоо айтып кереги эмне өлгөн соң,
Муздак жерге гүл денесин көмгөн соң?
Тирүүлүктө баалашалы сөз менен,
Бакыт күүсүн шаңданткандай Мендельсон».

Гүлжамила айымдын турмуш тууралу ырларында көрөгөчтүк, боорукерлик, аео сезимдери күч болсо, махабат ырларында муңайыңкы кусалык басымдуу. Көркөм салыштыруулар менен шөкөттөлө сүрөттөлгөн тагдыр таржымалындай дагы бир ырын тыңдайлы:

«Күмүш бубак басып чачымды,
Гүлдү сүйүп тосом жазымды.
Мен сумсайсам күн да сумсайып,
Мелүүн тартып тоого жашынды.

Жашым төгүп бүтпөс армандай,
Жаңырыктайт жашоо жалгандай,
Жалгыздыкта келем жабыгып,
Жакшы кезим сенде калгандай…»
XS
SM
MD
LG