Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

ЖАЛАЛАБАДДА ШАЙЛОО КОДЕКСИНИН ЖАҢЫ ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад “Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын Жалалабад облустук бөлүмүндө Шайлоо кодексинин жаңы долбоору жөнүндө талкуу болду. Талкууга катышкандар түрдүү ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты. Акырында алар кодекске алымча-кошумчаларды киргизүү тууралуу Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алышты.

Шайлоо кодексинин долбоорун талкуулоого облустагы саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, райондук, облустук кеңештердин жана парламенттин айрым депутаттары, укук коргоочулар катышты. Долбоордогу 11, 17, 30, 39, 40, 41, 50, 61, 93-беренелер алардын түрдүү көз-караштарын пайда кылды. Элеттеги шайлоочулардын басымдуу бөлүгү кодекстин долбоору тууралу кабарсыз экендиги, талкууну бардык айылдарда өткөрүү керектиги белгиленди. «ЭрК» партиясынын өкүлдөрү, облустагы Балдар фондунун төрайымы Кимсан Сагынбаева жана башкалар «депутаттыкка жана президенттикке талапкерлердин мүлкү маңдай тер менен табылган болсо, ал декларацияда көрсөтүлүп, маалымат каражаттарына жарыялансын» деген пикирлерин айтышты. Аны облустук кеңештеги аялдардын жалгыз өкүлү Жамила Рыскулова да колдоп чыкты.

- Депутаттыкка талапкерлерди эл көрсөтүп аткан соң, алар өз байлыгынын баарын сөзсүз түрдө декларацияда көрсөтүшү керек, - деди Жамила Рыскулова. - Анткени эл билиши керек: эгерде талапкер өз байлыгын жашырып койсо, ал депутаттыкка таза барбайт, эгер таза адам болсо ал бардык байлыгын көрсөтөт. Мен буга макулмун. Алдын-ала добуш берүү тууралуу болсо - бир күндө ошончо элдин 70-80% мөөнөтүнөн мурда добуш беришине мен ишене албайм. Менин оюмча мунун кереги деле жок го.

Акыйкатчынын өкүлү Кушназар Камытовдун пикири боюнча, мүлк декларациясын киргизүүнүн зарылдыгы жок. Анткени, саясат менен бийликте тажрыйбасы мол адамдар байлыгын өзүнө эмес, аялына, балдарына же туугандарына жаздырышат. Же бийликтегилер өзүнө жакпаган талапкерлерди мүлк декларациясы аркылуу шайлоодон чыгарып салышат. «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын облустук бөлүмүнүн төрагасы Медер Үсөновдун пикири боюнча, шайлоо комиссиясынын курамына мамлекеттик кызматкерлер кирсе, шайлоо адилетсиз болот. Анын айтымында, үгүт ишине коомдук-саясий уюмдарды катыштырбай коюу туура эмес:

- Бул негизинен туура эмес деп эсептейбиз. Бул мыйзамда негизинен талапкердин укугу чектелип калат. Биз ага каршыбыз, - деди Медер Үсөнов.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын облустагы координатору Чолпон Эргешова долбоордогу 1 айлампа менен шайлануучу айыл өкмөтү жана тил комиссиясы боюнча мындайча маалымат берди:

- «Тегерек столдун» катышуучуларынын басымдуу көпчүлүгү бул беренеге каршы болушту. Анткени жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчылыгына талапкерлер аз гана добуш менен өтүшөт. Алардын мандаты бекер болбойт. Экинчиден, бул беренени киргизүү уруучулуктун мындан ары да өнүгүшүнө шарт түзмөкчү. Талкуунун катышуучулары «лингвистикалык комиссиянын тил боюнча экзамен алышы туура эмес» деп чечишти. Президенттикке талапкер болгон киши өзүнүн оюн кыргызча билдире алса, ошол эле жетиштүү. Алар «бул беренеде белгиленген татаал жол-жосундун бардыгын алып ташташ керек» деген чечимге келишти.

Талкууга катышкандар «байкоочулар шайлоону толук көзөмөлдөсүн, талапкер катталган соң текшерүү болбосун, шайлоо арыздары 14 күндө каралсын» деген сыяктуу 30га жакын сунушту Жогорку Кеңешке жибермек болушту.

XS
SM
MD
LG