Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:07

Аксыдагы айрым бейөкмөт уюмдар А.Акаевдин дагы бир мөөнөт иштешине каршы чыгышууда


ЖАЛАЛАБАД. Бүгүн Аксы окуясында жабырлангандарды коргоо комитети, «Аксылык энелер кыймылы» бирикмеси жана «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын Аксы райондук бөлүмү ишкерлердин А. Акаевди дагы бир мөөнөткө президенттикке шайлоо демилгесин колдобой тургандыктарын билдиришти. Аксы окуясында жабырлангандарды коргоо комитети мунун себебин Аксы окуясында 6 адамдын өлүмүнө себепкер адамдар жазасын ала электиги менен түшүндүрдү.«Аксылык энелер кыймылынын» мүчөлөрү жазында президент менен жолукканы Бишкекке барган аялдарга зомбулук кылган милиция кызматкерлери жоопко тартылбаганын айтышты. Ал эми «Асаба» партиясынын райондук бөлүмү өлкөдөгү жакырчылык, жумушсуздук, коррупция, мыйзамсыздык азайбай жатканы менен келишпей тургандыгын маалымдады. Облустагы башка дыйкандар менен айрым ишкерлер демилге туура экендигин белгилешти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG