Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Нью-Йоркто АКШлык режиссер көз жумду


АКШнын атактуу кинорежиссеру Элиа Казан 94 жашында Нью-Йорктогу үйүндө көз жумду. Анын 1948-жылы тарткан «Жигиттик макулдашуу» фильми үчүн АКШнын киноакадемиясынын «Оскарсыйлыгын» алган. Андан алты жылдан кийин тартылган «Портто» аттуу киносу алты «Оскарга» татыктуу болгон. Элиа Казан булардан сырткары бир нече атактуу кинолорду тарткан. Бирок Элиа Казандын саясий көз карашы бир катар карама-каршылыктарды жараткан. Ал 1934-жылы компартиянын катарына кирип, бир жарым жылдан кайра чыгып кеткен. Элиа Казанга кино өнөрүндөгү жетишкендиги үчүн 1999-жылы дагы бир «Оскар» сыйлыгы ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG