Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:49

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери жыйын өткөрүүдө


Европа Биримдигине кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери бүгүнкү Брюсселдеги жыйынында Иракка тезирээк эгемендүүлүк берүүгө чакырышты. Министрлер андан сырткары Ирандын өзөктүк программасы жана Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянына жардам берүү маселелерин талкуулашууда.
Ал эми Македониянын полициясын машыктыруу үчүн 200 полиция кызматкерин ал өлкөгө жиберүү маселеси тууралуу Биримдиктин тышкы иштер министрлери оң чечим кабыл алды. Бул миссиянын максаты Македонияда эффективдүү, европалык стандарттагы полиция кызматын түзүүгө жардам берүү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG